Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:10

ЕВРОПА БИРИМДИГИНИН КЕҢЕЙИШИ ЖАНА ЧЕК АРА МАСЕЛЕЛЕРИ


Нарын АЙЫП, Прага Бир жылдан кийин Европа Биримдигине он жаңы мүчө-мамлекет кошулат. Уюмдун чыгыш чеги Беларус менен Украинага жетет. Бирок Биримдиктин дээрлик бардык мамлекеттеринин ортосунда виза тартиби жокко эсе. Бул жагдайдан улам Биримдикке мүчө болгон жана мүчө эмес Чыгыш Европалык өлкөлөрдүн ортосунда кошумча түйшүк пайда болууда.

1991-жылы СССР чачырагандан кийин, Чехия мамлекети, мисал үчүн, мурдагы советтик жумурияттардын жарандары үчүн виза тартибин жоюп салган. Кыргызстандын тургундары Прага шаарына эч кандай визасыз келе алчу. Бирок кийин Чехия НАТО уюму жана Европа Биримдигине кошулууга аракеттене баштаганда, Кыргызстан жана башка өлкөлөр үчүн ал виза киргизүүгө аргасыз болгон. Анткени ал уюмдарга Чехия мүчө болгондон кийин, андан Алмания же Францияга визасыз барса болот, бирок анда Чехияга Орусиядан визасыз келгендер да түз эле Батыш Европага өтүп кетүүгө мүмкүнчүлүк алмак жана андан көптөгөн маселе жаралмак.

Азыр дагы, Европа Биримдигине он жаңы мүчө-мамлекет кошулаар алдында Чыгыш Европада ушу сыяктуу чек ара маселелери пайда болууда. Биримдикке кирген мамлекеттердин ортосунда визасыз катташууну мүмкүн кылуу үчүн Биримдиктин тышкы чек аралары катуу кайтарылууга тийиш, бирок анда дал ошол тышкы чек араларга чектеш жайгашкан өлкөлөрдүн жарандары үчүн кошумча кыйынчылыктар пайда болот.

Мисал үчүн, Румынияда абдан көп мажар жашайт жана алар Мажарстан менен Румыниянын ортосундагы чек араны азыр дээрлик эркин кесип өтө алат. Бирок 2004-жылы Мажарстан Европа Биримдигине кошулат. Румыния болсо андай мүчөлүктү дагы бир нече жыл күтүүгө тийиш жана эки өлкө ортосунда виза тоскоолдуктары пайда болот. Дал ошондой эле абал - Польша менен Беларус жана Польша менен Украинанын ортосунда түзүлүүдө. Ал эми Калининград маселеси эң бийик деңгээлде талкууланууда.

Бул жаңы чек ара тоскоолдуктарын орус президенти Владимир Путин "Шенген дубалы" деп да атады жана Орусия менен Европа Биримдигинин ортосунда эч кандай чек ара болбошу керек деген сунуш киргизди. Бирок Путин аны менен орус маселелерин Европа Биримдигине жүктөп салууга аракеттенүүдө. Европанын бир нече мамлекетинин өкүлдөрү Голландиянын Шенген аттуу курорт шаарында 1985-жылы жолугуп, виза тартибин жоюу тууралуу макулдашкан жана кийин ал келишимге башка Батыш Европалык мамлекеттердин көбү кошулган.

Бирок, бул маселенин ийгиликтүү чечилген мисалдары да бар. Австрия Шенген келишимине кирет, кошуна Швейцария болсо ага мүчө эмес, анткен менен эки өлкө ортосунда виза маселелери дээрлик чыкпайт, анткени ар башка чек ара аймактары боюнча эки өлкө ортосунда эки тараптуу атайын чек ара келишимдери бар жана алар жакшы иштейт. Ошондуктан, Польша-Беларус же Польша-Украина ортосунда да ошондой эки тараптуу келишимдер иштелип чыкса, пайда боло турган маселелерди бир кыйла жумшартса болот. Калининград маселеси боюнча дагы көптөгөн сүйлөшүүлөр өткөрүлүп, акырында атайын тартип орнотула баштады.

Брюсселдеги Европа комиссиясынын басма сөз катчысы Диего де Ойеданын айтымында, бардык тараптардын кызыкчылыктарын эске алыш керек: "Эки тараптын тең кызыкчылыктары, чек ара боюнда жашагандардын дагы, Биримдикке кирбеген өлкөлөрдүн да кызыкчылыктары тең салмакталууга тийиш. Европа Биримдигине мүчө мамлекеттер элинин кызыкчылыктарын да унутпашы керек. Дал ошол Шенген келишиминен улам, Биримдиктин ичинде адамдардын эркин жүрүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүлгөн".

Чыгыш Европалык өлкөлөр Биримдикке 2004-жылдын май айында кошулат жана ага бир жылдан ашык убакыт бар кезде бул маселелер жогорку деңгээлде талкууланып жатканы - мунаса табылаарынан үмүттөндүрөт.
XS
SM
MD
LG