Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:15

КЫТАЙ: КАСАПЧЫГА МАЛ КАЙГЫ, КАРА ЭЧКИГЕ ЖАН КАЙГЫ


Тынчтыкбек Чоротегин, Прага шаары Өнөгөсүз өпкө оорусу Кытайдагы дыйкан чарбаларынын да айласын кетире баштады. Банкроттукка учурап жаткандардын арасында базар экономикасынын нугуна түшүп, баалуу терилүү жаныбарларды өстүрүп жаткан фермерлер да бар.

“Кундуз” деген эмне? Кыргыз үчүн бул – териси баалуу аң. Бир кезде тыйын чычкан сыяктуу эле, кундуз териси да акча бирдиги ирээтинде пайдаланылган. Ал эми Кытайда башы кундуздукуна окшоп кеткен, денеси бачикиникиндей болгон жаныбар бар. Түштүк-Чыгыш Азияда кеңири учураган бул сүт эмүүчүнү “виверра” же “циветта” деп коюшат. Бул кундуз сымал жаныбарды кытайлыктар жүнү кулпурган териси үчүн эле эмес, чүйгүн эти үчүн да баалашат.

Шаңхайдын чет жакасындагы Чжаошиаң деген чакан шаарчада жашаган Чжу Миңда деген киши мындан эки жыл мурда дал ушул жандыкты өстүрүп, байлыкка марууну чечкен эле. Ал, башка кедей ханзулар сыяктуу эле, өз бизнесин карызга акча жыйноо менен баштаган. Оболу Чжу Миңданын иши дурус жүрдү. Ал өстүргөн виверранын ар башы дээрлик 250 долларга чейин чыгып жатты.

Анан эле быйылкы жаз менен кошо күтүлбөгөн калайман башталды да калды. Дарыгер окумуштуулардын бир даары өнөгөсүз өпкө оорусунун (SARS) вирусун алып жүрүүчү жандыктардын бири катары виверраны аташты эле, жергиликтүү бийликтер виверраны сатууга дароо тыйуу салышты. Жапония да Кытайдан жана анын Гонконг бөлүгүнөн виверра жаныбарды импорттоого тыйуу салып койду.

Чжу Миңда аргасы кетип кытай сыналгысынын өкүлдөрүн өз дыйкан чарбасына чакырды. Журналисттерге ал кундуз сымал жандыкты кантип өстүрүп жатканын баяндап да, көрсөтүп да, виверралар стандарттык талаптарга ылайык өстүрүлүп жатканын, алардын дене-карды соо экенин далилдеди. Бирок анын алпурушуусу өнөгөсүз өпкө оорусунан жүрөгү түшкөн саясатчылардын аскар тоодой чоң механизмин башка нукка бурмак тургай, былкылдатып да койгон жок.

“Эгерде мен санитардык жана башка талаптарды аткарбасам, анда өзүм баккан бул жандыктар мени бир эле жолу эмес, он жолу тындым кылмак”, - дейт Чжу Миңда мырза. Ал баккан жандыктарда вирус жок экендигин мал доктурлар да айтышууда. Бирок бул жандыктар бүт өлкө боюнча карантинге алынды. Алардын бири эле сатыкка кетсе, чарбанын кожоюну башы менен жооп бермекчи.

Чжунун колунда, кыйын болсо, жыйырмадай жандык бар. Ал эми жүздөгөн виверраны же башка аң терилүү жандыкты өстүргөн дыйкан чарбалары кептелген залкар жарды элестетүү кыйын. Хубей провинциясында эле кундуз сымал жана башка аңды баккан дыйкандардын жылдык кирешеси 2 миллион долларга жетчү. Мындай дыйкан чарбаларынын өкүлдөрүнүн айтымында, тыйуу салуудан баалуу аң жаныбарларын ар кыл өлкөлөргө тымызын саткан "аткезчилер" эмес, санитардык жана башка тартипти кылдат сактаган карапайым дыйкандар жапа чегүүдө.

Окумуштуулар болсо өнөгөсүз өпкө оорусунун вирусун ташып жүрүүчүлөр жөнүндө улам жаңы жана карама-каршылыктуу маалыматтары менен бөлүшүүдө. Айрым дарыгерлердин айтымында, бул каргашалуу оорунун вирусун ташуучу жандыктардын тизмеси – азыркы учурда базарга чыгарууга тыйуу салынган жаныбарлардын тизмесинен алда канча кеңири болушу мүмкүн. Айтор, өнөгөсүз өпкө оорусунун айынан Кытай улам жаңы түйшүккө белчесинен батууда. Бул жаатта “касапчыга мал кайгы, кара эчкиге жан кайгы” деген кепти кайталап айтпай койо албайсыз. Бирок, касапчы – ким, кара эчки - ким?..
XS
SM
MD
LG