Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:06

Италия премьер-министрин парламент соттон коргоп калды


Италия парламенти дагы кечээ күнү өлкөнүн премьер-министри менен байланышкан маселени карап, конституцияга өзгөртүү киргизди. Ал өзгөртүүгө ылайык, премьер-министр өз кызматынан кеткенге чейин аны соттоого уруксат берилбейт. Италиянын азыркы өкмөт башчысы Сильвио Берлускони 1980-жылдардагы аракеттери үчүн коррупцияга малынган деп күнөөлөнүп, ага каршы Милан шаарында сот иши ачылган. Эми ал сот - Берлускони премьерликтен кеткенге чейин токтотулат. Жаңы мыйзам өкмөт тарабынан даярдалган, жана ал, Берлусконинин айтымында, шайланган жетекчини саясий сот жараянынан коргоого тийиш.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG