Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:05

Орус өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө аракети ийгиликке жеткен жок


Орусиянын Мамлекеттик думасында кечээ күнү - премьер-министр Михаил Касьяновдун өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө маселеси каралды, бирок өкмөттү кызматтан кетирүү үчүн 172 гана депутат добуш берди. Оппозиция аракетин ишке ашыруу үчүн, аны Думадагы 450 депутаттын теңинен көбү - кеминде 226 адам колдоого алыш керек болчу. Өкмөткө каршы бул демилгени коммунисттер менен Григорий Явлинскийдин "Яблоко" партиясы көтөрүп чыккан, алардын айтымында, өкмөттүн экономикалык жана социалдык саясаты туура эмес. Премьер Касьянов сессияга келген да жок.

XS
SM
MD
LG