Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:56

Финляндиянын премьер-министри кызматынан чегинди


Финляндиянын премьер-министри Аннели Жаетинмяеки айым кечээ күнү кызматынан чегинди. Ал премьер болуп өткөн апрел айында гана дайындалган жана кийин кээ бир саясатчылар аны - премьерликке жетиш үчүн ал Тышкы иштер министрлигинин жашыруун маалыматтарын пайдаланып, аларды - ал кездеги премьер-министр Пааво Липпоненге каршы пайдаланган деп күнөөлөп чыккан. Өлкө президенти премьердин кызматтан чегинүүсүн кабыл алды, бирок андан - жаңы өкмөт башчы дайындалганча өз милдетин аткара берүүнү суранды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG