Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:30

АКШ ооган өкмөтүнө кеңири колдоо көрсөтүүгө тийиш


Америкалык атактуу дипломаттар АКШ жетекчилигине кайрылып, эгер Вашингтон ооган өкмөтүнө кеңири колдоо көрсөтпөсө, өлкөдө кайрадан анархия башталышы мүмкүн деп билдирди. Дипломаттар кечээ күнү жарыялаган билдирүүдө - АКШ колдоо көрсөтпөсө, Ооганстандын убактылуу өкмөтү өлкөдө жетиштүү коопсуздук чараларын көрүп, экономикалык өнүгүүнү камсыздай албайт деп айтылат. Эл аралык коомчулук койгон максаттарга жетүү үчүн, өкмөткө жыл сайын кеминде бир миллиард доллар жардам көрсөтүү керек. Ал эми 2002-жылы өлкө чыгымдарынын 16 гана пайызы борбордук өкмөт аркылуу өткөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG