Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:35

Ирак өкмөтүнүн эң жогорку жетекчилеринин бири кармалды


Ирактын америкалык башкаруучуларынын айтымында, өлкөнүн мурдагы өкмөтүнүн эң жогорку жетекчилеринин бири - Хамид Махмуд Тикрити кармалды. Ал президент Саддам Хусейндин тууганы жана мурда президенттин катчысы болуп иштеген. Америкалык аскерлер Саддам туулган Тикрит шаарында мурдагы режим үчүн иштеген дагы элүүдөй адамды кармады. Багдад шаарында 18-июнда орун алган демонстрация учурунда америкалык аскерлер эки адамды атып өлтүрдү жана жетекчиликтин айтымында, аскерлерге каршы таш ыргытыла баштаганда, алар коргонууга аргасыз болгон. Багдаддын башка бир бөлүгүндө дагы куралдуу кагылышуу болуп, андан бир америкалык аскер өлүп, дагы бирөө жарат алды. Нью-Йорк шаарында жайгашкан "Хьюман Райтс Вотч" уюмунун айтымында, америкалык аскерлер Иракта демонстрация уюштургандарга каршы өтө катаал чараларды көрүүдө жана өткөн апрел айында Фаллужа шаарында 20 адамды атып өлтүргөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG