Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:51

ООГАНСТАН - ДҮЙНӨНҮН ЭҢ ИРИ МАҢ ЗАТ ЭКСПОРТТООЧУСУ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Ооганстан дүйнөнүн эң ири маң зат экспорттоочусу болуп кала берүүдө. Эксперттер быйыл эле өлкөнүн дыйкандары 3 жарым тоннага жакын маң зат өстүрүшкөнүн айтып жатышат. Өкмөт дыйкандарга башка кирешелүү алтернатива сунуш эте албагандыктан, өлкө келерки жылы да дүйнөнүн эң ири маң зат экспорттоочусу болуп кала бермекчи.

Бул тынчсыздандыраарлык факт Ооганстандагы маң зат проблемасынын ушул жумада Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңешинде атайылап каралышына себеп болду. Талкууда Уюмдун тынчтык орнотуу жана баңги аткесчилиги маселелери менен алектенген бөлүмдөрүнүн башчылары сөз сүйлөп, эл чарбасын калыбына келтирүүгө, анын катарында, дыйканчылыкты өнүктүрүүгө өлкөдө коопсуздуктун толук камсыз кылынбаганы себеп болуп жатканын баса белгилешти.

Өлкөдөгү абалдын туруксуздугу жана наркоаткесчиликтин мурдагыдай эле гүлдөп жатышы, Ооганстандын жана бүткүл региондун коопсуздугуна шек келтирип жатат, - дешет Ооганстанда иштеп жаткан өкүлдөр. Улуттар Уюмунун тынчтык орнотуу маселелери боюнча бөлүмүнүн башчысы Жин Мари Гайуно өлкөдөгү эл аралык уюмдардын кызматкерлерине кол салуулар көбөйгөндүгүн белгилеп, уюмдун бейпилдик миссиясынын ишин өлкөнүн башка региондоруна кеңейтүүгө чакырды. Гайунонун айтымында, тынчтык жаратуу миссиясынын Кабул менен эле чектелип жатышынын айынан Ооганстандын башка аймактарында иш жүргүзүү дээрлик мүмкүн болбой жатат, ал эми өлкөнүн үчтөн бир бөлүгүнө Улуттар Уюмунун кызматкерлери таптакыр эле жете албай келишет.

Ошону менен катар Гайуно АКШнын курулушка адистешкен аскердик бөлүктөрүнүн Гардез, Бамиан жана Кундуз провинцияларында жайгаштырылганын кубаттады. АКШнын пландары боюнча, Ооганстанда андай аскердик бөлүктүн 9у жайгаштырылат. Ар бири 100дөн солдатты камтыган бөлүктөр Ооганстандын эл чарбасын эле калыбына келтирүү иши менен чектелбестен, өзүлөрү иштеген аймактарда коопсуздукту чыңдашат. Коопсуздук кеңешинин жыйынында жакын арада Ооганстандын Мазар–и-Шариф шаарында британиялык курулушчулар, ал эми Герат провинциясында немис курулуш топтору ишин баштай тургандыгы маалымдалды.

Жин Мариа Гайунонун уюмдун тынчтык орнотуучу аскерлерин Ооганстандын башка аймактарына жайгаштыруу чакырыгы кеңештин мүчөлөрү тарабынан колдоого алынган жок. Бирок АКШнын уюмдагы өкүлү Жон Негропонте Ооганстанда апийим өстүрүүнү жойуу боюнча эл аралык аракеттер реалдуу абалга жараша болбой жатканын мойнуна алды:

- Апийим өстүрүүнүн кайрадан жанданышы Ооганстандагы коопсуздукка өлчөөсүз залал тийгизип, өлкөнүн чарбасын калыбына келтирүү аракеттерине кедерги болууда. Биз Ооганстандагы аракеттерибизди олуттуу жакшыртуубуз зарыл.

Улуттар Уюмунун наркоаткесчиликке каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Антонио Мариа Коста өлкө алдыдагы жылы да дүйнөнүн эң ири маң зат экспорттоочусу болуп кала бере турганын билдирип, буга эң оболу ооган өкмөтү менен эл аралык уюмдардын ооган дыйкандарына башка кирешелүү багыт сунуш эте албай жатканы, ошол эле маалда, уюшкан аткесчилер мафиясы дыйкандарды жеңил-желпи жана арбын акча табуунун жолуна тартып кетип жатканы себеп экенин белгиледи.

Ооган дыйкандарын башка айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүүгө өткөрүү үчүн оболу фермерлерге чакан кредиттерди берүү жакшы жолго койулушу керек. Ошол эле мезгилде, апийим өстүрүүгө кызыктар болуп жаткан регионалдык бийлик төбөлдөрүнө каршы катуу чаралар көрүү абзел. Коста мырза, ошондой эле, ооган өкмөтү жана кошуна өлкөлөр Ооганстандын маң зат чыгаруучу көмүскө ишканалары менен лабораторияларын химикаттар жана башка нерселер жабдып жаткан сырткы булактарды бууп салуулары керек экенин белгиледи:

- Улуттук аракеттер жетишсиз. Кошуна өлкөлөрдүн, айрыкча баңгичилик күч алган Европа менен Орусиянын өз ара координацияланган чаралары зарыл. Европа менен Орусияда баңгичиликтин күчөшү Ооганстанда апийим өстүрүүнү гүлдөтүп жатат.
XS
SM
MD
LG