Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:48

ФРАНЦУЗ ПОЛИЦИЯСЫНЫН ИРАНДЫК “МУЖАХИДДИН-И-ХАЛК” ОППОЗИЦИЯЧЫЛ ТОБУНА КАРШЫ КАПЫЛЕТ ЖОРТУУЛУ


Француз полициясы шейшемби күнү Париждин ар кайсы бөлүгүндө капылет өткөрүлгөн атайын операция учурунда “Мужахиддин-и-Халк” тобунун 160ка жакын мүчөсүн камакка алды. “Мужахиддин-и-Халк” - оппозициядагы Ирандын каршылык көрсөтүү улуттук кеңеши партиясынын куралдуу канаты. Француз бийликтеринин күтүүсүз кадамы уюмдун Парижде жана Лондондо жашаган тарапкерлеринин нааразычылыгын жаратты. Ал түгүл ирандык төрт аял өзүн өрттөп, алардын бирөө мерт болду.

Шейшемби күнү Париждин ар кайсы аймактарындагы 13 жайда күтүүсүз өткөрүлгөн операцияга француз полициясы менен улуттук коопсуздук күчтөрүнүн 1300гө жакын кызматкери катышты. Телетасмаларга караганда, коопсуздук күчтөрүнүн беткап кийген автоматчан жоокерлери “Мужахиддин-и-Халктын” кеңсеси жайгашкан үйлөрдү курчоого алганда, аларды асмандан тикучарлар көзөмөлдөп турду.

Рейдге уруксат берген соттун чечиминде “Мужахиддин-и-Халк” “террордук акцияларды даярдоону көздөгөн кылмыш тобу” жана “террордук иштерди каржылайт” деп, ирандык топко “оңой жуулбас” күнөө тагылган.
Франциянын ички иштер министри Николас Саркозинин билдиришинче, жортуул уюмдун өлкөдө “негизги базасын” түзүү аракетин болтурбоо максатында өткөрүлгөн.
Полиция өкүлүнүн биздин радиого адегенде берген маалыматы боюнча:

- Уюмдун кеңселеринен эч кандай жардыргыч заттар табылган жок. Бирок, жалаң жүз долларлыктан 1 380 миң доллар жана 150 миң евро кармалды.

Бул кабар эскирбей жатып, полиция топтун кеңселеринен бир нече үкөк сандыкка катылган дагы 8 миллион долларга жакын акча тапты. Бул акчалар да жалаң 100 долларлык банкноттор экен.
Мындан тышкары 200гө жакын сателлит табакчалары, 100дөй компьютер, уюмдун ишмердүүлүгү жана мүчөлөрү жөнүндөгү маалымат файлдары камакка алынган.

Рейд учурунда камакка алынган 159 адамдын арасында “Мужахиддин-и-Халк” уюмунун жетекчиси Мариям Ражави да бар. Уюмду Мариямдын азыр Иракта жашап жаткан күйөөсү Масуд Ражави негиздеген. Ирандын каршылык көрсөтүү улуттук кеңеши - ИККУнун мүчөлөрү Ирандагы ислам жетекчилиги бийликтен кетсе, Мариям Ражави президент болот деген үмүттө. Ошондуктан, сыртынан аны “биринчи леди”, “ханайым” деп тергешет.

Ирандык оппозициячыл топтун мүчөлөрүн камакка алууларга каршы Парижде, Лондондо жана Гамбургда жашаган мужахеддинчилер жана алардын тарапкерлери нааразылык акцияларын өткөрүштү. Шаршемби күнү Франциянын ички иштер министрлигинин алдында чогулган 100 чакты ирандык: “Мариям Ражавиге эркиндик!” деп кыйкырышты.

Ал эми 40 жаштар курагындагы Марзия Бабахани деген аял мекендештерин кокуйлатып туруп өзүн өрттөп жиберди.

Соңку маалымат боюнча, “Мужахиддинге” каршы жортуулга нааразылык иретинде ирандык 4 аял жана 1 эркек өзүн өрттөп, алардын бири жарааттан каза тапты.

Акыркы 20 жылдан ашык убакытта Францияда жана башка Батыш өлкөлөрүндө эркин аракеттенип келген топко каршы Парижде өткөрүлгөн операция кайчы пикирлерди жаратууда.

Лондондук эксперт Бен Фолкс француз соту “Мужахиддинден” кандай коркунучту көргөнүн айтуу кыйын, себеби уюмдун Батышта террорчулук жасоо планы жок болчу дейт. Анын боолгошунча:

- Француз өкмөтү, балким, бул кадамы Иран менен болгон мамилеси үчүн пайда берет деп эсептесе керек. Балким, француз бийликтери алардын Иранда чабуул уюштурууну пландаштырып жатканын билип калып, ошол маалыматтын негизинде рейдди өткөргөндүр. Франция камакка алууну Тегеранга каршы буроо катары колдонор же Иранды өзөктүк куралдарга байланыштуу Кошумча протоколго кол койдуруу үчүн жасалган аракеттир.

Кошумча протокол тууралуу Фолкс бекерден айтып жаткан жок. Учурда Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик, Евробримдик жана бир катар ири державалар Ирандын Ядролук куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү келишимге кошумча протоколго кол коюусун талап кылышууда. Тегеран талапка көнсө, МАГАТЭ Ирандын бардык ядролук ишкана-мекемелерин текшерүүгө мүмкүндүк алат.

Парижде өткөн демонстрация учурунда ИККУнун тышкы байланыштар комитетинин мүчөсү Фарид Сулеймани мындай деп талап койду:

- Биз Мариям Ражави айымдын токтоосуз бошотулушун талап кылабыз. Биз Париж менен Тегеран ортосундагы булганч ишти токтотууга чакырабыз. Бул мыйзамсыз жана келишкис иш.

Ирандын президенти Мохаммад Хатами шаршемби күнү Францияга кайрылып, “Мужахиддин-и-Халк” уюмунун кармалган мүчөлөрүн Тегеренга өткөрүп берүүнү талап кылып, АКШ жана башка Батыш өлкөлөрүн Франциянын жолун жолдоого үндөдү.

Соңку сөз. “Мужахиддин-и-Халк” уюму оболу 1979-жылкы Ирандагы ислам ынкылабын колдоп, кийин, бирок, анын жетекчилиги өлкөдөн чыгып кеткен. “Нью-Йорк Таймс” гезитинин маалыматы боюнча, Ирандагы ислам бийлигине каршы күрөшкөн оппозициячыл топтордун ичинен саясый жана аскерий жактан мыкты уюмдашканы - “Мужахиддин-и-Халк”. Клинтондун администрациясы аны 1997-жылы, ал эми Европа биримдиги болсо быйыл май айында террорчул уюмдардын тизмесине кошкон.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG