Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:36

ЮРИСТАНБЕК ШЫГАЕВ: "ЕВРОПАЛЫК КӨРҮҮЧҮЛӨРДҮН ДЕҢГЭЭЛИНЕ ТАТЫКТУУ ИШТЕГИМ КЕЛЕТ"


16-июнда Австриянын байтактысы Венада Борбор Азия көркөм өнөрүнө арналган көргөзмө салтанаттуу ачылды. Австриянын өкмөтү, Венадагы Чыгыш таануу коому, Австриянын тышкы иштер министрлиги жана Австрия-кыргыз достук коому биргелешип уюштурган көргөзмөгө Казакстандан Айгерим Бекен, Түркмөнстандан Моммак Кулиев, Тажикстандан Иляс Мамажанов, ал эми Кыргызстандан Юристанбек Шыгаев катышууда. Көргөзмөнүн ачылышында Жаңыл Жусубжан кыргыз сүрөткерин сөзгө тартты. Алгач ал Шыгаевден Венага кандай чыгармачылык куржун менен келгенин сурады.

Юристанбек Шыгаев: Бул - азыркы жана 2002-жылкы эмгектерим. Булар --Австриядагы көргөзмөгө даярдаган эмгектер. Мындан тышкары, бул көргөзмө бүтөөрү менен Санкт-Петербургда 300 жылдыгына арналган бүткүл дүйнөлүк чоң көргөзмө болот. Менин ушул эле эмгектерим Петербург шаарына барышы керек. Ал жакта 23-июлдан баштап августка чейин 300 жылдыкка карата чоң көргөзмө ачылат. Мен да аяктан чакыруу кагазын алгам. Буюрса ал жакка он чакты эмгектеримди алпарайын деген ой-тилектерим бар.

Жаңыл Жусубжан: Бул чыгармалардын мурдагыларынан өзгөчөлүгү эмнеде?

Юристанбек Шыгаев: Мурдагылардан өзгөчөлүгү - теманын тереңдигинде. Эң негизгиси – баягы эле кыргыздын жомоктору, уламыштары. Азыр ушуну Европанын көрүүчүлөрүнө, ошолордун деңгээлине татыктуу кылып, азыркы философиянын негизинде, белги түрүндө, ата-бабалардан калган элестерди азыркы бүткүл дүйнөлүк көрүүчүлөрдүн аң-сезимине жараша өз эмгектеримде көрсөтүүнү милдет катары койгом.

Жаңыл Жусубжан: Бул багыт сиздин чыгармаларыңызда мурдатан болуп келген. Азыр кандай жаңылык бар?

Юристанбек Шыгаев: Жаңысы -- ошол эле теманы тереңдетүү. Сүрөткер өз жолун тапкандан кийин ал жолдон эч жакка кете албайсың да. Баягы негизги темалар кала берет, (бирок) жыл өткөн сайын өзүңдү башка жактан, көрүүчүлөрдүн көзү менен карап, өзүңдү башка бир деңгээлге алып келгиң келет. Борбор азиялык көрүүчүлөр биздин эмгектерди тааныйт, эми ушул чет өлкөлүктөр да биздин эмгектерди туура кабыл алсын деп, ошолорду кайсы бир деңгээлде көрсөтсөкпү деген ой-тилек бар да.

Жаңыл Жусубжан: Кыргызстанда көркөм өнөр кимге кызмат кылат? Мурда коммунисттик идеологияга кызмат кылды, кийин улуттук идеология чыкты. Эми Батыштын табитин эске алыш керек окшойт. Деги сиздин чыгармалар кимге кызмат кылат?

Юристанбек Шыгаев: Бул эң жакшы суроо болду. Менин чыгармам аны түшүнгөн адамдарга кызмат кылат десем жаңылбайм, себеби менин көргөзмөмө миң киши келсе, ошол миң кишиден он киши менин көргөзмөмдү түшүнсө, бул сүрөтчү үчүн аябай чоң кубаныч болот. Себеби Кыргызстанда, бүгүнкү кыйынчылыкта, менин оюмча, көп кишилер көркөм өнөрдү көп түшүнө бербейт, түшүнгүсү да келбейт. Кээде "ушул эмгектерди кимге жасап жатабыз" деп ойлоп кетем. Мен сүрөт тартып жатканда "жок дегенде ушул эмгектерим менин балдарым үчүн (болсун)" деп ойлойм. Сатуу жөнүндө ойлобойсуң, ушул балдарыма калса, балдарым "атам сүрөтчү эле" деп, акылы болсо баалап-барктайт. Балдарга десем, ошол эле балдарымдын досторуна, ошол эле өзүмдүн кесиптештериме, өзүмдүн курдаштарыма деп ойлойм. Сүрөтчү эмгек жазып жатканда, сатыш үчүн эмес, кандайдыр ички дүйнөлүк рахат алууну ойлойт, жакшынакай эс алуу менен, ички дүйнөңдү элге арнап, эл түшүнсө деп ойлойсуң. Бирок элдин көркөм өнөргө кызыгуусу дагы тийиштүү деңгээлге жете элек деп ойлойм.

Жаңыл Жусубжан: Силер Санкт-Петербургдун 300 жылдыгына барат экенсиңер. Ал эми Кыргызстанда мамлекеттүүлүктүн 2200 жылдыгы, Бишкектин 125 жылдыгы белгиленип, август айында кыргыздардын дүйнөлүк экинчи курултайы өткөнү турат. Мына ушул окуяларга даярдыгыңыз кандай болуп жатат?

Юристанбек Шыгаев: Бул көргөзмө менин жеке көргөзмөм эмес, Кыргызстандын (мамлекеттүүлүктүн) 2200 жылдыгына карата августтун 31инде биздин (Бишкектеги көркөм өнөр) музейинде бүткүл дүйнөлүк чоң көргөзмө ачышат. Ага 15 мамлекеттен (сүрөтчүлөр) келип жатат. Мен дагы ал жакка акыркы эмгектеримден коет болушум керек. Себеби бул – чоң көргөзмө. Муну америкалык Берох деген продюссер Лос-Анжелестен атайын келип, биздин өкмөт менен бирдикте уюштуруп жатат. Бул абдан кызыктуу көргөзмө болот болуш керек. Андан тышкары, алдыда дагы көп пландар бар, көп ой-тилектер бар. Буюрса аларды ишке ашырабыз деген үмүттөр бар.
XS
SM
MD
LG