Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:52

Израилде дагы бир террор жасалды


Жанкечти террорист белиндеги бомбасын жөөт кыштактарынын бириндеги дүкөндө жардырып, өзү менен кошо дагы бир адамды өлтүрдү. Израил аскерелери эл аралык “жол картасы” планына ылайык бүгүн Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги жөөт маалаларынын биринде тургундары көчүрө баштады. Бул жерде ээн калган онго чукул турак-жай бузулду. Ал эми палестин премьери Махмуд Аббас кечээ радикалдуу уюмдардын лидерлери менен кайрадан сүйлөшүүлөрдү өткөрдү, бирок бул жолу да ал натыйжасыз аяктады. Деген менен АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл палестин премьеринин аракеттерин оң баалады. Бүгүн Пауэлл Бангладештин борборунда болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG