Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:59

Иранга ядролук курал жасаганга Кошмо Штаттары жол койбойт


Бул тууралуу шаршемби күнү президент Жорж Буш билдирди. Эгер Иран ядролук куралга ээ болсо, эл аралык коомчулукка олуттуу коркунуч түзүлөт, деп айтты Буш. Америкалык президент ушул айдын башында Эвиандагы саммитте Ирандын атомдук пландары талкуулангандыгын эске салды.Эл аралык жамаат жарнакташа иштеп, Тегеранга атомдук программасын өнүктүргөнгө мүмкүндүк бербеши керек, деп белгиледи Буш. Америкалык бийликтер Тегеран ядролук курал жасап жатат деп эсептейт. Иран өкмөтү болсо муну караманча четке кагып, өлкөнүн атомдук программасы өңчөй тынчтык максаттарга багытталгандыгын айтууда.

XS
SM
MD
LG