Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:58

ФЕЛИКС КУЛОВ: «МЕН БУЛ БИЙЛИККЕ ИШЕНБЕЙМ»


Азиза Турдуева, Бишкек http://gdb.rferl.org/58414541-9BBC-445B-B737-938EAA9993BA_w203.jpg Кыргызстандагы белгилүү оппозиционер, «Арнамыс» партиясынын азыр абакта отурган төрагасы Феликс Кулов биздин суроолорубузга адвокат Токторбек Ашырбек уулу аркылуу жооп берди.

- Феликс Шаршенбаевич, ушул жуманын башында «Арнамыс» партиясы президент А.Акаевге жана бийликке оппозициялык партия экендигин расмий түрдө жарыялады. Бул эмнеге байланыштуу болду? «Арнамыс» партиясы буга чейин деле оппозициялык партия катары белгилүү болуп келбеди беле?

- Биз биринчи ирет, расмий түрдө президент А. Акаевге жана аны колдогон саясий партияларга карата оппозициялык партия экендигибизди жарыялап жатабыз. Биз үч жыл мурда түзүлгөндө, өзүбүздү оппозициялык партия деп ачык жарыялаган эмеспиз. Анткени, биз өлкөдө жасалып жаткан бир топ иштерди колдогонбуз жана жакшы үмүттөрүбүз бар эле. Бирок, бүгүнкү күндө азыркы жетекчиликти колдоо мүмкүн эмес. Албетте, «бийлик жасап жаткан бардык иштер туура эмес» деп бир жактуу айтууга да болбойт. Маселен, президент А. Акаев жасаган айрым иш-аракеттер колдоого аларлык. Бирок, жалпысынан анын саясатын колдоого болбойт. Айталы, эмне үчүн бийлик Аксы окуясында элге каршы курал колдонду? Бийлик коррупцияланган режимди коргоого аракеттенүүдө. Коррупция болгон жерде демократия эч качан өнүгө албайт, прогресс болбойт. Азыркы бийлик коррупцияга каршы чара көрбөй келет. Жөн гана сөздөр айтылып келатат. Эмгиче бир да фамилия атала элек. Мындай өкмөттү биз, албетте, колдой албайбыз.

- Кийинки ишембиде «Арнамыс» партиясынын кезектеги курултайы өтөт. Анда партиянын жаңы программасынын кабыл алынышы күтүлүүдө. Анын иштелип чыгышына эмне себеп болду?

- Принцибинде, бул программа негизинен мындан үч жыл мурда кабыл алынган программадагы максаттарды кайталайт. Биздин жаңы программанын негизги максаттарынын бири - биздин партияны сактап калуу. Анткени, «Арнамыс» партиясы түзүлүп, анын биринчи курултайы өткөндөн бери өлкөдө көп өзгөрүүлөр болду. Бизде башында «Кыргызстанда демократия өнүгөт» деген чоң үмүт бар эле. Бирок, андай болгон жок. Мен түрмөдө отурам. Партиянын активисттеринин көпчүлүгү чет өлкөлөргө саясий башпаанек сурап кетүүгө мажбур болушту. Партиянын активдүү мүчөлөрүнүн бири Тынчтык Дулатов ушул күндөрү жашырынууга мажбур болууда. Биздин партияга кеңсе да, имарат да бербей жатышат. Экинчи максат - элге азыркы бийликтин саясаты кайсы тарапты беттеп баратканын көрсөтүү. Эл өлкөнүн келечегине ишенбей калды. Миңдеген кыргызстандыктар бүгүнкү күндө чет өлкөлөрдө нан таап иштөөгө мажбур. Өткөн 12 жыл ичинде республиканын экономикалык абалы кескин начарлады. Бийлик «Кыргызстан - адам укуктарын урматтаган өлкө» деген сыяктуу ураандар менен көз боёмо саясат жүргүзүп келатат. Өлкөнүн саясий системасын алып караганда, Кыргызстан парламенттик башкаруу системасына өтүшү керек. Ошондуктан, келерки президенттик шайлоодо «Арнамыс» партиясы президенттикке талапкерлердин ичинен өзүнүн саясий платформасында парламенттик республикага өтүү максатын койгон талапкерди колдойт. Анткени, менин пикиримде, парламенттик башкаруунун шартында гана Кыргызстанда демократия өнүгүп, экономикалык абал жакшырышы мүмкүн. Программада каралгандай, партиянын негизги максаттарынын дагы бири - өлкөдөгү башка саясий партиялардын ичинде оппозициялык партия катары ордубузду бекемдөө.

- Кыргызстандагы оппозициянын бүгүнкү абалы жөнүндө пикириңиз кандай?

- Менин пикиримде, жалпысынан, оппозиция калыптануу жана биригүү жолунда турат. «Бүгүнкү күндө оппозиция бирдиктүү фронт менен иш жүргүзүш үчүн биригиши керек» деген туура эмес. Бирок, негизги маселелер боюнча оппозицияда азыр биригүү болуп жатат. Ал эми азыр негизги маселе - өлкөдө демократияны сактап калуу, аны өнүктүрүү. Мен бул багытта ар кандай фонддордун, саясий уюмдардын, маселен, «Демократиялык өнүгүү» фондунун түзүлүшүн, Төлөкан Исмаилова, Өмүрбек Текебаев, Жыпар Жекшеев өңдүү саясатчылардын иш-аракеттерин колдоорумду айтып кетээр элем. Алар жок дегенде белгилүү бир маселелерде оппозицияны бириктирүүгө аракет көрүп атышат. Кыскача айтканда, азырынча оппозициянын алдында өткөн он жыл ичиндеги жетишкендиктерди сактап калуу маселеси турат.

- Сизге белгилүү болгондой, жакында, 12-июлда Бишкекте бийликтин жана өлкөдөгү ар түрдүү саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдарынын катышуусунда «тегерек үстөл» жыйыны өткөнү жатат. «Өнөктөштүк форуму» деген ат менен өткөрүлө турган бул жыйынга өлкөдөгү ар түрдүү көз караштардагы саясий күчтөрдүн катышуусу күтүлүүдө. Бул жыйын кандайдыр оң натыйжа берет деген ишеним сизде барбы?

- Чынын айтканда, мен бийликке ишенбейм. Оппозиция кайра эле айрым бир сунуштарды айтууга аракет кылат. Бирок, менин терең ишенимимде, сунуштардан эч кандай майнап чыкпайт. Муну өлкөдө стабилдүүлүктү сактоо аракети десек болот. Бийлик кайра эле өзүнө саясий упай топтогусу келип жатат. Бийлик өзү өзүнүн иш-аракеттери менен коомдогу саясий абалды дестабилдештирип жатат. Республикада эркин гезиттер жабылып жатат. Мына жакында эле мыйзамсыз түрдө «Моя столица» гезити жабылды. Бийлик өзүнүн ушундай копол кадамдарынан кийин дароо эле, кучагын жайып, «тегерек үстөл» жыйынын өткөрөт. Ал эми оппозиция болсо, бийликке анын мындай кадамдары туура эместигин түшүндүрүүгө аракет көрүп келет. Азыркы көрүнүш ушундай. Одоно, примитивдүү алдоо болуп жатат. Ошондуктан, мен мындай «тегерек үстөл» жыйындарына сын көз караштамын.

- Феликс Шаршенбаевич, учурда иштелип жаткан Демократиялык кодекстин өлкө үчүн эмне зарылдыгы бар?

- Бул биздин Конституциянын эле бир варианты болот. А балким, анын жаман варианты болот. Биздин Конституция кантип кабыл алынганын билебиз. Айтмакчы, анда бир топ туура эмес нерселер каралган. Демократиялык кодексти иштеп чыгуу - бул акылга сыйгыс нерсе. Жок жерден чыгарылган нерсе. Мен, тилекке каршы, ушундай кодекстерге карата ушундай кескин баа берүүгө мажбурмун. Анткени, мен бул маселелерге юрист катары карайм. Мыйзам деген эмне? Ар бир беренеде курамдык бөлүктөр болушу керек - диспозиция, анын мүнөздөмө берилген бөлүгү жана аларга көрүлгөн чаралар дегендей. Ал эми «кодекс» боюнча бийлик тарабынан эмне сакталышы керек? Бул жөнүндө эч нерсе жок. Маселен, түрмөлөрдү алсак, бийлик түрмөдө отургандардан белгилүү бир тартипти сактоону талап кылат. Ошол эле учурда, бийлик мыйзамдарда каралган, түрмөлөрдө жасай турган өз милдеттерин аткарбайт. Башкача айтканда, бийлик талап кылганды гана билет, бирок, өзүнүн милдеттерин аткаруудан алыс. Ушундай шартта кандайдыр-бир диалог жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес. Мамлекет өзүнүн Конституциясында жарандар үчүн бирдей укуктарды бергендигине, жарандын укугун мамлекеттин укугуна караганда жогору койгонуна карабастан, мамлекет иш жүзүндө муну аткарбай келет. Ошондуктан, мен бул бийликке ишенбейм. Менин пикиримде, белгилүү бир убакыттан кийин кырдаал өзү бийликке башка адамдардын келишин талап кылат. Антпесе, мамлекет акырына чейин талкаланып, коом толугу менен деградацияга туш болот.

- Феликс Шаршенбаевич, сиз башынан эле эч кандай күнөөңүз жоктугун жана акталып чыгышыңыз керек экендигин айтып келесиз. Эмне үчүн сиздин эркиндикке чыгарылышыңыз ушунчалык узак мөөнөткө созулуп келатат?

- Менин пикиримде, менден коркушат. Эмне себептен экенин билбейм, бирок, менден коркушат. Мага каршы козголгон кылмыш иштери боюнча менин күнөөм барбы же жокпу? Бул жөнүндө сөз кылбаганда да, мага коюлган айыптар боюнча кылмыштар Кылмыш кодексинде жок. Мен бийликтен эч качан кечирим сурабай турганымды дагы бир ирет айта кетким келет. Анткени, мага коюлган айыптар негизсиз. Күнөөм жок. Мен акталып чыгаарыма ишенем. Мени түрмөдө кармашканынын себеби – менден коркушат деп ойлойм.

- Маегиңиз үчүн рахмат.

XS
SM
MD
LG