Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:12

Президент А. Акаев өз кеңешчисин жана Франциянын жаңы элчисин кабыл алды




БИШКЕК. Бүгүн президент Аскар Акаев Өкмөт Үйүндө өзүнүн экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси Даниел Кейзерди кабыл алды. Мамлекет башчысынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда өлкөдөгү социалдык-экономикалык маселелер талкууга алынып, абалды жакшыртуунун жолдору каралды. Ушул эле күнү мамлекет башчысы Франция Республикасынын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Жерар Перролдун колунан ишеним грамотасын алды. Президент Аскар Акаев Кыргызстан менен Франциянын ортосунда түзүлгөн мамиленин артыкчылыктарын белгилеп, саясий-экономикалык жана маданий багыттагы ар тараптуу кызматташтыктын жакшыра берээрине ишеним артаарын айтты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG