Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:26

Иисус Христ чиркөөсүнүн дооматын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия четке какты


БИШКЕК. «Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия протестанттык багыттагы Иисус Христ чиркөөсүнүн ишмердүүлүгүн токтотуу аракетин көрүп жатат», - деп билдирди бүгүн «Азаттыкка» бул чиркөөнүн башкы пастору Василий Кузин. Анын сөзү боюнча, комиссия чиркөөгө кайра каттоодон өтүү талабын коюу менен, тиешелүү документтерге 5 жылдан бери өз баасын бербей келатат. Бул билдирүүнү ушул эле күнү Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Өмүрзак Мамаюсупов жокко чыгарды. Анын айтымында, чиркөө өз филиалдарын мыйзамсыз иштетип келатат. Азыр өлкө боюнча чиркөөнүн болжол менен 18 филиалы бар экени тууралуу маалыматтар бар. Уюм алардын экөөнү - Ош жана Каракол шаарларындагы филиалдарын каттоодон өткөрүү тууралуу арызын апрель-май айларында берген. Бирок, Оштогу филиалдын уставына анын милдетине кирбеген окуу жайын ачуу тууралуу жобо киргендиктен, документи кайтарылып берилди. Кыргызстанда 1992-жылдан бери протестанттык багыттагы 219 уюм, 11 окуу жайы каттоодон өткөн. Алардын бири Иисус Христ чиркөөсүнүн 9,5 миң мүчөсү бар. Василий Кузиндин билдиргенине караганда, Бишкекте бул протестанттык багыттагы пятидесятник ишениминдегилердин 9 чиркөөсү бар. Алардын экөөндө сыйынуу кыргыз тилинде жүрөт.

XS
SM
MD
LG