Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:54

Парламентте Шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзамдын долбоорлору талкууланды


БИШКЕК. Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйыны «Кыргыз Республикасынын Шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү» мыйзамдын эки долбоорун талкуулады. Президенттик администрация сунуш кылган долбоор боюнча Борбордук шайлоо комиссиянын (БШК) төрагасы Сулайман Иманбаев, депутаттык топ иштеп чыккан мыйзам долбоору боюнча Ишенбай Кадырбеков баяндама жасашты. Эки долбоор тең 1999-жылы кабыл алынган Шайлоо кодексин Конституциянын жаңы редакциясына ылайыктоо максатында иштелип чыккан. Президенттик администрация сунуш кылган долбоордо президенттик шайлоодон башка бардык шайлоолорду бир гана тур менен өткөрүү жана ага катышкан шайлоочулардын көп добушун алган талапкер дароо депутат болуп калышы каралган. Андан тышкары, шайлоо округдарынын санын аныктоо жана талапкерлердин декларациясын текшерүү укугу БШКга берилген. Депутаттар иштеп чыккан мыйзам долбооруна ылайык шайлоо эки тур менен өтөт, шайлоо округдарынын санын аныктоо укугу Жогорку Кеңешке берилет жана талапкерлер декларация толтурбайт. Эки долбоордун ортосундагы мындай айырмачылыктарды жоюп, бир долбоор иштеп чыгууну депутаттар мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетке тапшырышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG