Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:33

Кыргызстанда Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча агенттик түзүлдү


БИШКЕК. Президент Аскар Акаев Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча агенттик түзүү тууралуу жардыкка кол койду. Муну бүгүн А. Акаев Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын аткаруучу директорунун орун басары Сумру Ноян менен жолугушуу учурунда ачыктады. Ушул эле күнү С.Ноян вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен жолугушуп, алар агенттик түзүү тууралуу долбоордук документке кол коюшту. Ага ылайык жаңы агенттикке Бириккен Улуттар Уюму 3 жылдык мөөнөт менен 6 млн. 300 миң доллар бөлө турган болду. Бул акча атайын техника сатып алууга, жумушчу орундарды жана имараттарды оңдотууга жана кызматкерлерге кошумча акы төлөөгө чыгымдалат. Мындан тышкары, агенттикти каржылоого кыргыз өкмөтү жылына орто эсеп менен 11 млн. сом чыгымдайт.
Агенттиктин директору болуп Курманбек Кубатбеков дайындалды. Мурда ал Баңгизаттарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси болуп иштеп келген. Агенттик ушул комиссиянын негизинде түзүлдү. К. Кубатбековдун айтымында, агенттик тартип коргоо органы катары иш алып барат жана анын курамында 250гө жакын кызматкер болот.

XS
SM
MD
LG