Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:11

Америкалык жарандарды Албания Эл аралык сотко өткөрүп бербейт


Албания парламенти 19-июнда АКШ менен эки тараптуу түзүлгөн атайын келишимди жактырды. Май айында Албанияга АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл келгенде кол коюлган ал келишим боюнча, Албанияда кылмыш жасаган америкалык жарандар Эл аралык кылмыш сотуна өткөрүлүп берилбейт. Бул соттун түзүлүшүнө АКШ катуу каршы чыгып келген жана ал пайда болгондон кийин, дүйнөнүн ар башка мамлекеттери менен атайын келишимдерди түзө баштады, анткени америкалык аскерлер же башка жарандар саясий себептерден соттолушу мүмкүн деп чочулайт. Эл аралык аскерий сот Гаага шаарында жайгашат. АКШнын мурдагы Югославия, Ооганстан жана Ирактагы аракеттеринин баарын Албания колдоого алган.

XS
SM
MD
LG