Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:10

Грекияда Европа Биримдигинин саммити башталды


Грекиянын Салоники шаарында кечээ күнү үч күнгө созула турган Европа Биримдигинин бийик жолугушуусу башталды. Анда негизинен уюмдун алгачкы ирет иштелип чыккан конституциясы жана Биримдикке жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу иштери талкууланат, бирок дүйнөлүк башка маселелер дагы, алардын ичинде Ирактагы абал жана мыйзамсыз миграция проблемалары да каралат. Саммит ачылганда Салоники шаарында алты миңге жакын адам чогулуп, каршылык акцияларын өткөрдү. Тартипти 15 миңге чукул полиция жана аскер камсыз кылууда.

XS
SM
MD
LG