Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:36

АКШ Түндүк Кореяга каршы жаңы резолюция даярдады


АКШ өкүлчүлүгү Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинде жаңы резолюциянын долбоорун таратты. Ага ылайык, Түндүк Кореянын өзөктүк изилдөөлөр программалары токтотулууга тийиш жана аны эл аралык уюмдар көзөмөлгө алышы керек. АКШнын Бириккен Улуттардагы өкүлү Жон Негропонте жаңы резолюцияны Кытай, Орусия, Улуу Британия жана Франциянын өкүлдөрү менен талкуулады. Түндүк Корея менен байланыштуу АКШ даярдаган биринчи резолюция 9-апрелде өтпөй калган, анткени ага Кытай менен Орусия каршы чыккан.

XS
SM
MD
LG