Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:26

ПРЕЗИДЕНТ ПУТИН БАСМА СӨЗ ЖЫЙЫНЫН ӨТКӨРДҮ


Муса Мураталиев, Маскөө шаары Бүгүн Президент Путин орусиялык жана чет элдик журналисттер менен жолугушуу өткөрдү. Пресс-конференцияга 700дөн ашуун журналист катышты. Эки сааттан ашуун убакытка созулган аңгемелешүүдө көп маселелер козголду. Суроолордун арасында массалык кыргын куралдарын кыскартуу, Түркмөнстандагы кош атуулдук, Чеченстандагы абал жана башкалар болду. Байкоочулар олуттуу суроолордун бир даарына президенттин жообу тийди-качты болду дешүүдө.

Владимир Путин бийликке келгени журналисттер менен жолугушуу өткөрүүнү адатка айлантты. Ал ушуну менен үч курдай, б.а. бийликке келгенинен бери дээрлик жыл сайын ири басма сөз жыйынын өткөрдү. Көбүнесе бул жыйындарга расмий Кремль чакырган журналисттер гана барчу.

Бул жолу Кремлге баш калаада чыгуучу негизги гезиттерден сырткары орусиялык элет жерде жарык көрүүчү гезиттердин 340тай кабарчысы болду. Чет элдик басма сөз каражаттарынан чакырылган журналисттердин саны 230га жетти. Ал эми президент Путин өткөргөн 2001–жылкы пресс-конференцияга 400 журналист, өткөн жылы өткөрүлгөн жолугушууга болсо 600 журналист катышкан.

Бул күнкү жолугушуу маалында да демейде орусиялык жетекчи кеп кылчу маселелер өтө эле кеңири болду: бир жагынан, алты сотке жер алган кишилердин социалдык көйгөйү сыяктуу ички маселелер сөз кылынса, экинчи жагынан, өлкөнүн тышкы саясаттагы багыттары жана эл аралык коопсуздук маселелерине чейин камтылды.

Алдын ала даярдалган суроолор берилип болгондон кийин Кремлдик жетекчи өзү көргөзгөн журналисттердин суроолору күтүүсүз чыгып, кыйла кызыгууну туудурду. Дегиңкиси, Путиндин кайтарган жообу куду советтик кездеги ар бир чогулушта партиялык жетекчилер айтчу: “Мына, жакында жакшы турмуш орнойт, кичине чыдай тургула”, - деген сыяктуу тил эмизген кептерге окшоп турду.

Айталы, армияны реформалоо маселеси боюнча айтылган суроого, айыл чарбасын жандандыруу, салыкты азайтуу, жерди менчикке берүү, турак жайларды тейлөө маселесинде, Кемеровонун, Кузбасстын кен казуучуларынын турмушун оңдоо боюнча, көчө кылмыштуулугу туурасында жана ушул сыяктуу көйгөйлөр боюнча салттык жообун узатып, президент Путин 3-5 жылдан кийин абал оңолооруна убада берди.

Чеченстанда өткөрүлгөн жаткан президенттик шайлоо боюнча түшкөн суроо боюнча узакка кеп кылганы менен, Путин мырза федералдык бийлик ал жумуриятты колдоого алуунун үстүндө деген жооткоткон жообунан башка олуттуу эч нерсе айткан жок. Чеченстан маселеси боюнча президенттин сөзүн маскөөлүк серепчи Олег Кусов мындайча түшүндүрдү:

- Менин оюмча, Орусия бийлиги көп жылдар бою жүргүзүп келген согушун эми анын саясатын жүзөгө ашырып жаткан жергиликтүү бийликке өткөрүп бермекчи. Ошону менен ал чечен элин эки тарапка бөлүп, ич ара кагылыштыруу саясатын жүргүзүүдө.

Орусиянын мамлекет башчысы өзгөчө кайрылган эл аралык орчун маселелердин бири – массалык кыргын куралдарын жайылтпоо маселеси болду. Президент Путин Иран, Түндүк Корей жана Ирак тууралуу суроолорго да кайрылды:

- Биз өзөктүк куралдардын жайылышына каршыбыз. Бул толук өлчөмдө Корей жарым аралына да тийиштүү. Биз Корей жарым аралынын өзөктүк куралдары жок аймак болушун каалайбыз.

Борбор Азия, анын ичинен Түркмөнстанга тийешелүү суроолорго да кайрылып, президент Путин Түркмөнстандагы кош атуулдук тууралуу маселени “көбүртүп-жабыртпай” абайлап жазгыла деп журналисттерге кайрылды. Путиндин сөзүнө караганда, кош атуулдукту болтурбоо жөнүндөгү орусиялык-түркмөнстандык жаңы макулдашуунун буга чейин кош атуулдукту алган түркмөнстандыктардын макамына тийешеси жок. Ашгабаддын кош атуулдуулук келишиминен бир тараптуу чыгышы боюнча маселени чечүү үчүн атайын комиссия иштеп жатканын айтып, президент бул комиссия ишин аяктагандан кийин ары же бери болот деген пикирин билдирди.

Айтмакчы, бүгүн Орусиянын Мамлекеттик думасы Ашгабаддын кош атуулдуулук келишиминен бир жактуу чыгуу тууралуу чечимин жокко чыгаруу тууралуу сунушу менен Түркмөнстан жетекчилигине кайрылды.
XS
SM
MD
LG