Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:42

ТАЖИКСТАН ПРЕЗИДЕНТИ ЖЕКШЕМБИГЕ БЕЛГИЛЕНГЕН РЕФЕРЕНДУМ АРКЫЛУУ БИЙЛИКТЕ КАЛУУНУН АРГАСЫН ИЗДӨӨДӨ


Жекшемби күнү Тажикстанда конституцияга өзгөртүү киргизүү маселеси боюнча жалпы элдик референдум өткөрүлмөкчү. Добушка коюлуп жаткан элүүдөн ашуун сунуштун эң башкыларынын бири буга чейин эки ирет президенттикке шайланууга үлгүргөн Эмомали Рахмоновго мындан ары да бийликте калууга мүмкүндүк бермекчи. Тагыраак айтканда, Рахмонов болочокто жети жылдык президенттик мөөнөткө эки жолу шайлануу үчүн конституциялык мүмкүнчүлүк алууга далаалаттанууда. Бириккен Улуттар Уюму менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму референдумга өз байкоочуларын жиберүүдөн баш тартышты. Айрым саясий партиялар референдумга бойкот жарыялады.

Эл аралык уюмдар жекшембиде Тажикстанда жүргүзүлчү бул саясий өнөктүккө өз байкоочуларын жиберүүдөн баш тартышты. Алардын бири - Бириккен Улуттар Уюму мындай чечимди расмий Дүйшөмбү референдумга байкоочуларды жиберүү тууралуу чакырыкты өтө кеч жибергендиги менен түшүндүрдү. БУУнун Дүйшөмбүдөгү өкүлү Гизела Наук:

- Бул референдумга байкоочу катары катышуу чакырыгын биз өткөн аптада гана алдык. Бул кыска мөөнөт бизге камылга көрүү үчүн эч жетишсиз болду.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму да расмий Дүйшөмбүгө ушундай эле мааниде жооп кайтарды.

Июндун 22сине белгиленген тажикстандык референдум Борбор Азия өлкөлөрүндө байкалган авторитардык президенттик бийликти чыңдоочу саясий тенденция бул өлкөгө деле тийешелүү экенин айгинелөөдө. Албетте, президент Эмомали Рахмонов түркмөн президенти Сапармурат Ниязовчосунан “түбөлүктүү”, башкача айтканда, өмүрүнүн соңуна чейин өз улутун башкарууга акылуу деген сөздөрдү көшөкөрлөрүнө айттырып отурган жок. Бирок ал бийликтен оңой-олтоң кеткиси да жок.

Рахмонов 1994-жылы президенттикке шайланган. 1999-жылы референдум өткөрүлүп, президенттик мөөнөт жети жылга узартылган. Ал кезде эптеп атуулдук согушту баскан өлкөдө Рахмоновдун бийликке табити чамалуу болчу. Баш мыйзам жети жылдык мөөнөткө узартылган кызматка бир гана жолу шайланууга болоорун тастыктаган. 1999-жылы кайра шайланган Рахмоновдун президенттиги, ошентип, азыркы мыйзамга ылайык, 2006-жылы соңуна чыгууга тийиш.

Эми короодогу замана - башка. Түштүктөн беймаза кылып келген коңшу Ооганстанда - талиптер да жок, тажик исламчыларына тымызын жардам берген башка таасирдүү күчтөр да жок. Батыш – Ортоңку Чыгыш иштери менен убара. Эгерде жекшембидеги референдум расмий Дүйшөмбү үчүн оң натыйжа берсе, анда президенттик кызматка мынча жолу гана шайланасың деген чектөө алынып салынышы күтүлөт. Мындай болгондо, 2006-жылы да, 2013-жылы деле тажик эли Рахмоновдон буга чейинки программаларыңды ырааттуу ишке ашырып ал деп “талап кылышы” да ажеп эмес. Конституциянын 65-беренесине киргизилчү өзгөртүүнүн маңызы дал ушунда.

Тажик шайлоочулары референдумга коюлуп жаткан 56 сунушка карата өз мамилесин коңшу кыргызстандыктар жедеп бышкан ыкма менен аныктамакчы. Башкача айтканда, сиз ар маселеге өзүнчө мамиле билдирбестен, алардын баарына бүкүлү бойдон “ооба” же “жок” деп бир гана жооп берүүгө тийишсиз.

Тажикстандагы саясий партиялардын ичинен бери дегенде экөө бул саясий өнөктүккө бойкот жарыялады. Алардын бири - Тажикстан Демократиялык партиясы. Анын жетекчиси Махмадрузи Искандаров “Азаттыктын” Тажик кызматынын кабарчысына мындай деп билдирди:

- Референдум ачык жана демократиялуу мүнөздө өткөрүлбөстүгүнө көзүбүз жетип турат. Мен партиябыздын тажик коомундагы милдети менен жоопкерчилигин ачыктагым келет. Демократиялык партия бул референдумга катышпайт.

Ал эми калган партиялардын бир даары өз тарапкерлерин референдумга жандуу катышууга жана расмий бийлик сунуштаган конституциялык өзгөртүүлөр долбооруна каршы жооп берүүгө үгүттөөдө.

Жергиликтүү серепчилердин айтымында, өкмөт добуштарды бурмалоолор аркылуу өз каалаганына жетээринде күмөн деле жок. Бирок, дешет алар, эл аралык уюмдардын бул саясий өнөктүккө терс мамилеси жана саясий партиялардын бойкоту сыяктуу көрүнүштөр эл аралык коомчулуктун көз жаздымында калбас. Оппозициянын оюнча, референдум Тажик өкмөтүнүн эл аралык аброюна шек келтирген кезектеги иш-чара болмокчу.

Ал эми жакырчылыкка белчесинен баткан, атуулдук согуштан кийинки мезгилде улуттук ынтымакты толук кандуу калыбына келтире элек коомдон, коңшу Ооганстандан баңги заттар үзгүлтүксүз агылып келип жаткан, коопсуздук жааты дагы эле ар кимди санааркаткан бул коомдон эмгекке жарамдуу жарым миллиондой тажик башка өлкөлөргө, асыресе Орусияга жакшы турмуш, жан багаар жумуш издеп ооп кетишкени маалым. Алардын анча-мынчасы гана референдумга коюлган маселелер боюнча добуш берүүгө катышуусу ыктымал.
XS
SM
MD
LG