Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:56

КЫЗ АЛА КАЧУУ НЕГЕ КЫЛМЫШ КАТАРЫ БААЛАНБАЙТ?


Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргызстанда кыз ала качып үйлөнүү алигүнчө уланууда. Бул элдик адат Совет убагында тартип сакчылары тарабынан катуураак көзөмөлгө алынчу. Айрым байкоочулардын баамында, акыркы жылдары кыз ала качуу айрыкча элет жеринде күч алды. Ички иштер министрлигинин билдиргенине караганда, уурдалган кыз үй-бүлө куруудан баш тарткан күндө да, укук жана тартип коргоо органдарына арыз менен кайрылган учуру өтө сейрек болот. Ал эми бейөкмөт уюмдар жана укук коргоочулар бул салтты адам укугун орой түрдө бузуу катары баалашууда.

Былтыр Нарындын алыскы айылына кызды зордоп ала качып бараткан жигиттер жамандыкты деле күтпөсө керек. Колу толгонуп, күч менен кетип бараткан кыз Долон ашуусуна жеткенде түн ортосунда машинадан качып чыгып, Ортотокой суусуна секирген. Жол бою арак ичип келаткан төрт бала кыздын сууга агып кеткенин байкабай, «Бишкекке жол тосуп качып кетти» деген бүтүм менен кайра борборго кайтышат. Кыздын денеси бир жумадан кийин Кочкордун жанынан суу боюнан табылды. Бул окуяга эми Сокулук райондук соту чекит коёт.

Кыз ала качуу фактыларын каттоо мүмкүн эмес. Ошондуктан республика боюнча канча ирет кыз ала качуу болгонун өкмөттүк дагы, бейөкмөт дагы уюмдар айтып бере алышпайт. Советтик доордо кыз ала качкан учурлар дароо коомчулукка дайын болуп калчу. Себеби, кыздын ата-энеси сотко берип же тартип сактоочунун коштоосунда кубалап барышчу. Айрым байкоочулардын айтымында, мажбурлап аял алуу демейдегиден көбөйдү. Бирок бул эмнегедир коомдогу кадыресе көрүнүш катары кабылданып келет. Ал эми сотко берип өз укугун коргогондор саналуу. Суусамырда ушул жылдын башында 15 жашар кызды ала качып алып, кол тийгизип кемсинткен жигит камакка алынды. Бул окуя тууралуу убагында «Азаттыкта» кенен айтылган болчу. Кыздын ата-энеси укук коргоо органдарына арыз таштап, аялдар көйгөйлөрү боюнча иштеген уюмдарга да кайрылышкан. «Сезим» кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулованын пикиринде, сот процессинде бул жигиттин кызга зордук-зомбулук көрсөткөнү менен катар жашы жете элек кызды ала качып алганы да каралмакчы. Рыскулова айымдын пикиринде, ички иштер органдарына карата элдин ишениминин аздыгынан, элдик менталитетке ылайык уяңдыктан улам аялдар өз укугун коргоодон четте калууда. Ал жакында эле ишке кирген «Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жөнүндө» жана «Гендердик теңчилик жөнүндө» мыйзамдарды коомчулукка жайылтып, кыз-келиндерди ушул мыйзамдарга таянып укугун коргогонго үйрөтүү зарыл деп эсептейт.

Ички иштер министринин орун басары Өмүрбек Эгембердиев кыз ала качууну коомчулуктун тынчын алган маселе катары карабайт. Тартип жана укук коргоо жаатында кызмат кылган 30 жыл бою ал бир да жолу мындай окуя менен иштеп көрбөгөнүн айтты. Эгембердиев мырзанын айтымында, уурдалган кыз арыз жазып, кайра эртеси ал оюнан айныган кездер көп болгон.

Улуу муун арасында деле ала качып үйлөнгөндөр арбын. Белгилүү саясатчы, депутаттардын арасында же адабий чөйрөдө деле бири экинчисин мажбурлап баш кошкон жубайлар арбын жолугат. Албетте, кармашкан колдору ажырабай түтүн булатып кеткендер да бар. Акын Шайлообек Дүйшеев кыз ала качууну бүгүн жапайычылык деп баалаган менен, өз кезегинде кыз ала качканга да катышкан.

- Бир досум айылда «жылкычынын кызын алам» деп калды. Ал болсо «шаарга окууга барам» деп камынып аткан кыз эле. Анан бир күнү «генплан» түзүп, кыздын үйүн курчоого алдык. Түн бир оокумда терезеден кирип, эжелеринин колун таңып туруп алып чыкканбыз. Кыз байкуш ыйлап, биз болсо жоо сайып келгенсип, эрдемсип ары-бери басып... Акыры байкуш кыз эртеси таң ата отурду. Бирок, ошолор азыр жакшынакай үй-бүлө, - дейт Шайлообек Дүйшеев.

Учурда республиканын ар бир аймагынын өз каадасы бар. Түштүк региондун айрым райондорунда кыз ала качуу салты жигиттин ата-тегинин материалдык абалына да көз каранды экен. Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу бул адатты адам укугунун өңүтүнөн гана эмес, экономикалык жактан да карайт.

- Эгер кыздын көңүлү болуп, анан жигит жакшынакай бир салт катары пайдаланса каршылыгым жок. Учурда айрым аймактарда кызга азыраак калың бериш үчүн ала качышат. Мисалы, ата-энесинин астына түшүп сөйкө салса бир кыйлага чыгым болот. Угушума караганда, кызды ала качып кетсе 5-6 миң сом менен кутулат экен. Ошондуктан жарды үй-бүлөнүн баласы колуктуну ала качып алгандан башка айласы калбайт экен, - дейт Турсунбай Бакир уулу.

Кыргыздын көңүл оорутпаган, залалы жок каадасы кийинки доордо элге жаңы өңүттө сиңди көрүнөт. «Шанс» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Александра Елиференко бул элдик адатты кескин сындайт. Анын пикиринде, никеге күч колдонуп мажбурлоо менен кыргыз кыздарынын укугу тепселенип атат.

XS
SM
MD
LG