Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:59

АКШ МЕНЕН ЕВРОПАНЫН СООДА ЧАТАГЫ


Евробиримдиктин аткаруу органы -Еврокомиссия Кошмо Штаттарын европалык товарларды ички базарына киргизбөө аракетин жасоодо деп күнөөлөп, Дүйнөлүк соода уюмуна арызданмак болууда. Бул Евробиримдик менен АКШ ортосундагы биринчи соода таймашы эмес жана анын өзгөчөлүгү-талаш Ирак согушуна байланаштуу осолдой түшкөн трансатлантикалык мамилелерди чагылдырат.

Акыркы бир нече жылда Кошмо Штаттары менен анын европалык өнөктөрү арасындагы соода-экономикалык кызматташуу мурдакыдай жылма жүрбөй калды. Буга кандайдыр бир деңгээлде Япониянын баштапкы кубатынан тайып, ага катар Европа өлкөлөрү менен Кытайдын чарбалык дараметинин өсүүсү же экомикадагы диверсификация - көп түрдүүлүк негиз болду. Бул турган иш. Анткени, эски материк менен Түндүк Американын экономикалык алыш-бериши өтө кенен деп түшүндүрөт Париждик талдоочу Синди Вильямс:

- Сиз эгерде өз ара сооданын көлөмүнө чет элдик түз инвестицияны кошсоңуз, 2 триллион доллардын тыяк-биягындагы сумманы аласыз. Бул сумманы АКШнын ички дүң продукциясы менен салыштырып көрө турган болсоңуз, соода менен инвестициядагы карым-катнаш Кошмо Штаттарынын ички дүң продукциясынын 20 процентине тете экенин байкайсыз. Бул аз нерсе эмес жана кызматташуу эки тарап үчүн маанилүү экенин ырастайт.

Синди Вильямс айым - АКШнын Германияда жайгашкан Маршалл фондунун Париждеги эксперти.

АКШ-Европа соода чатагы алгач кадимки банандан чыккан. Бир нече жыл илгери АКШлык банан өндүрүүчүлөр менен экспорттоочулар европа өлкөлөрүн мурдакы колониялары үчүн артыкчылык берүүдө деп, Дүйнөлүк соода уюмуна арызданган. Талаш америкалыктардын пайдасына чечилген.

Андан соң “келме кезек” европалыктарга жетип, алар Вашингтонду тышка товар саткан америкалык фирмаларга салыктан жеңилдик берүүдө деп айыптады.

Дүйнөлүк соода уюму арызды териштирип, Конгресс тиешелүү мыйзам кабыл албаса, Евробиримдикке (ЕБ) АКШлык ширкеттерден 4 миллиард доллар өлчөмүндө импорттук тарифти чегерип алууга уруксат берген.

Лондондук эксперт Катинка Барыш Кошмо Штаттары менен Евробиримдик ортосундагы бул өңдүү чатак иштер дүйнөлүк сооданы башка маанилүү маселелерден алагды кылат деген пикирде:

- Биз азыр соода үчүн өтө баалуу мезгилди баштан кечирүүдөбүз: Доха шаарында дүйнөлүк соода-сатык сүйлөшүүлөрү жүрүүдө. Азыркы келишпестиктер Доха сүйлөшүүсү үчүн жаман жышаан. Анткени, тараптар кыпындай маселени жөндөй алышпаса, Дүйнөлүк соода уюмунун арачылыгы менен жөнгө салынчу чоң проблемалар кантип чечилет?

Алиге Евробиримдик менен Кошмо Штаттары ортосундагы болоттун эритмесинен чыккан чыр да басыла элек. Ал аз келгенсип, өткөн аптада Еврокомиссия Вашингтонго кайрылып, антидемпинг алым-салыктарын эсептөө боюнча масилээт өткөрүүнү сунуш кылды. Өтүнүч орундалбаса, европалыктар Дүйнөлүк соода уюмуна кайрылары анык иш.

Дагы бир окуяны айтпай кетүүгө болбойт. Евробиримдиктин европалык компанияларга Кошмо Штаттарында корпоративдик башкаруу жаатында жакында кабыл алынган мыйзам жайылбасын деген суранычын Вашингтон четке какты.

Буга кыжырданган ЕБ Европада иш жүргүзгөн америкалык ишканаларга каршы тийиштүү чара көрүшү ыктымал.

Британиялык эксперт К.Барыш айым соода-экономикалык мамилелердеги мындай абалды Ирак согушуна байланыштуу эки ортодо пайда болгон карама-карышылыктын туундусу катары баалайт:

- АКШ менен Европанын соодадагы талашы жаңылык эмес. Учурда эки ортодогу жалпы кырдаал осолдоп кеткендиктен, соодада түзүлгөн кырдаалга өзгөчө маани берилүүдө.

Париждик аналитик С.Вильямс АКШ менен ЕБ ортосундагы соодага байланыштуу араздашуулар жалпы атмосферага тескери таасир этет деп кооптонот:

- Мен соода талашы кошумча проблема жаратат деп чочуймун. Эгерде трансатлантикалык мамилелер жакшы болсо, талаш маселелер жеңил чечилмек. Трансатлантикалык байланыштар жалпысынын начарлап кетсе, ортодогу проблемаларды жөндөө кыйын болот.

XS
SM
MD
LG