Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:33

АДАМЗАТ ТАРЫХЫН 980 МИЛЛИОН ЖЫЛ МЕНЕН ЭСЕПТЕГЕН МАНДЕЙЛЕР


Христианчылыкка чейин эле белгилүү болгон мандейлер Иса пайгамбардан мурда өткөн Иоанн Баптистти пир тутушат жана өздөрүнүн динин Адам Ата заманынан башат алат деп билишет. Ирактын түштүгүндө жана Түштүк Батыш Иранда жашаган байыркы диний жамааттын үрп-адаттары кандай?

Иоанн Баптистке (Чокундуруучуга) таат кылган бир ууч мандейлердин негизги бөлүгү Ирактын түштүгүндө жана Ирандын түштүк батышында жашашат. Алардын саны 20 миңдей болот. Ошондонбу, байыркы эл наристе дүйнөгө келсе жаамы журтту чакырып жентек бергенди жана үйлөнүү тойлорун чогуу өткөргөндү жакшы көрүшөт. Саны чамалуу болсо да, мандейлер сектадан тыш жамааттан кыз алып, кыз беришпейт. Мандей аалымдары өз дининин башатын тээ Адам Ата заманына алып барып такап, тарых мындан 980 миллион жыл илгери башталган дешет.

Саддам Хусейндин доорунда бийлик алардын турмушуна кийлигишкен эмес. Эки жыл мурда мандейлердин ыйык китеби - “Канз Ирба” же “Улуу дөөлөт” Багдадда араб тилинде басмадан чыккан.

Мандейлер түрдүү диндеги калайык жашаган Ирактагы саны жагынан эң кичинекей диний жамаат. Алар өздөрүнүн диний жөрөлгөлөрүн ирактык жөөттөр сыяктуу арамей тилинде өткөзүшөт жана бул эки жамааттын үрп-адаттары, каада-салттары да көп жагынан окшош.

Мандейлер жөөттөр сыңары эле Кудай “Жаңы Осуятты” Иоанн Чокундуруучуга аян кылып түшүргөн, андан кийин өткөн Иса пайгамбардын “ыйык сөзгө” эч кандай тиешеси жок деп санашат.

“Исаны Иоанн чокунтпаса, ал өз сөзүн таркатмак эмес. Иоанн өз ажалы менен өлүп, артында балдары калган”, - дешип, мандейлер Иоанндын башын Герот падыша алдырган деген “Инжилде” жазылган аңыз сөзгө ишенишпейт.

Суу - мандейлер үчүн өмүрдүн сиволу. Мандейлердин жигит-кыздары баш кошкондо ата-бабалары байыртан тутуп келген салтка ылайык Тигр дарыясына чөмүлүшүп, дилин тазартышат. Колукту болчу жубар кызды аялдар аруулантат, ал эми эркектер жигитти бөлөк жайда дарыяга салып чокундурушат, “күнөөсүн жууп”, дилин тазалашат. Сууга чөмүлөр алдында жигит да, кыз да той кийимин чечишип, кең тигилип таманына чейин жеткен ак көйнөктү кийишет.

Чокунуу аземи бүткөндөн кийин тирүү казды сууга терең малып-малып алышат да, мууздап, анын этинен шишкебек даярдашат.

Баш кошуу салтанаты учурунда чоң бычылган көйнөктөй болгон, беш кесим ак чыттан курап тигилген чапанды кийип, белин эндүү кырмызы кемер менен бууп алган сектанын бакжайган сакалдуу башчысы колукту менен жигиттин баштарын бири-бирине тийгизет. Дин башчысы андан соң жаш жубайларды ак түстөгү кездемеге оролуп коюлган идиш-аяктар жана башка үй тиричилик буюмдары бар ашкананы айландырат.

Күйөө менен колукту Байыркы Эки дарыя аралыгындагы ата-бабасынын рухун эскергендей болгон чопо тактачага салынган мейизди жамааттын көз алдында туруп жешет. Күйөө демейде анис дарагынан чабылган таажыны кийип алат. Салт боюнча үйлөнүү тоюнан кийинки бир жума ичинде кыз-күйөө эч кимге көрүнбөшү керек.

Мандейлер адамзаттын тарыхы 980 миллион жыл илгери Адам Атадан башталган дешкени менен, өздөрүнүн түпкү атажуртунун ордун так билишпейт.

Алардын кээ бирөөлөрү биздин түпкү аталарыбыз байыркы Эки дарыя аралыгында (Месопотамияда) жашаган жана мындан 5 миң жыл илгери байыркы шумерлер тарабынан куулуп чыккан дешсе, башка бирөөлөрү өздөрүн байыркы Палестинадан чыккан семит тилинде сүйлөгөн эл катары санашат.

Ройтерс агенттигинин маалыматына караганда, христианчылыкка чейинки салтын ыйык сактап жүргөн бул бир ууч эл Иракка АКШлык аскерлер киргенден бери өз мекендештеринин кастыгынан коркуп, мүңкүрөп отурат. Анткени мандейлердин көбү зергерчилик жана кол өнөрчүлүк менен кесип кылышкандыктан, көпчүлүк ирактыктарга караганда ток жашашчу. Мындай социалдык айырмачылыкка карабай, Бириккен Улуттар Уюмунун акыркы 13 жылдагы Иракка каршы экономикалык чектөөсү да мандейлерди кыйла мүңкүрөгөн турмушка кептеп салган.

Ушул тапта көпчүлүк мандейлер бакыбат жашоо үчүн жаңы журт издеп, чет өлкөгө көчүп кетүүгө даяр. Маселен, Маха ал-Мажид аттуу айым мандейлер бүт Норвегияга көчүп кетсе дурус болоор эле деген оюн жакында Ройтерс агенттигинин кабарчысына айтты.
XS
SM
MD
LG