Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:19

Эл аралык укук коргоо уюмдары Кабулда камакка алынган эки ооган журналистин бошотууга үндөп жатышат


"Афтааб" аттуу жумалыктын башкы редактору Мир Хусейин Мехдави жана анын орун басары Али Риза гезит беттеринде ислам динине акаарат келтирген деген кине боюнча абакка отургузулган. Ооган президенти Хамид Карзайдын дарегине жазылган ачык катында Нью-Йоркто жайгашкан "Журналисттерди коргоо комитети" бул окуяны айыптап, ооган журналисттерине каршы козголгон кылмыш ишти токтотууга чакырса, Парижде орун алган "Чек арасыз кабарчылар" уюму Ооганстанда сөз эркиндигинин келечеги кооптондура баштаганын белгилейт.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган -

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG