Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:34

Казакстандын президенти Н.Назарбаев жерди жеке менчикка сатууга жол ачкан мыйзамга кол койду


Аталган мыйзам бүгүн казак парламентинин кош палатасынын биргелешкен жыйынында кабыл алынган. Ага ылайык, Казакстанда жерди казак жарандары, же жергиликтүү компаниялар соодалай алат. Жерди сатуунун тегерегиндеги өкмөт менен парламенттин ортосундагы талаштардан улам мурдагы казак премьери Имангали Тасмагамбетовдун министрлер кабинети отставкага кетүүгө аргасыз болгон. Жаңыланган Жер кодексине ылайык, Казакстанда жерди кошижарага берүүгө киргизилген мораторийдин мөөнөтү 2005-жылга чейин узартылды. Казак өкмөтү билдиргендей, Казакстандын 270 млн гектардай жалпы аянтынын үчтөн бири гана айыл-чарбага жарактуу жерлер эсептелинет.

XS
SM
MD
LG