Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:26

Орусиянын Мамлекеттик думасы Ашгабаттын соңку аракеттерине карата терең тынчсызданган декларация кабыл алды


Анда башкысы – Ашгабаттын Орусия менен Түркмөнстандын ортосундагы кош жарандуулук жөнүндөгү келишимди токтоткон чечими орус өкмөтү тарабынан толук кандуу документ катары таанылбаары айтылган. Түркмөнстандын президенти С.Ниязов апрелде орусиялык кесиптеши В.Путин менен жолугушкандан кийин кош жарандуулук жөнүндөгү келишим күчүн жоготконун жарыялап, өз жарандарына эки өлкөнүн бирин тандоого ушул жекшембиде аяктай турган эки айлык мөөнөт берген. Мамлекеттик Дума бул келишимди жокко чыгаруу жөнүндөгү макулдашуу Орусиянын парламентинде ратификациялабагандыктан, президент Ниязовдун жардыгы легитимдүү боло албайт деп жарыялады. Түркмөнстан ушул эле күнү Москванын Ашгабатка каршы саясий пропагандасына арызданып, Бириккен улуттар уюмуна кайрылаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG