Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Колин Пауэлл палестиндер менен жөөттөрдү тынчтыкка үндөдү


АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Иерусалимде Израилдин жетекчилиги менен баарлашкан соң, Газа тилкесиндеги Йерихо калаасына палестин бийликтери менен жолугуш үчүн барды. Пауэлл Палестина менен Израилдин өкмөттөрүн "Жол картасы" аттуу эл аралык тынчтык планын аткарууга үндөп жатат:

- Палестин премьери Махмуд Аббас менен жолукканымда, аны Палестинанын коопсуздук кызматын тезирээк реформалап, тегеректеги аймактардагы стабилдүүлүктү камсыздоого чакырам, - деди АКШнын мамлекеттик катчысы.

Анын алдында ал палестиндердин "Хамас" уюмун - "тынчтыктын душманы" деп атап, Аббасты ага каршы чечкиндүү чара көрүүгө чакырган. Бүгүн Иордандын Батыш жээгинде палестиндер жеңил машинени аткылап, анын ичиндеги бир израилдик набыт кетип, үчөө жарадар болушту.

XS
SM
MD
LG