Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:23

Бишкекте жакырчылыкты азайтуу боюнча семинар аяктады


БИШКЕК. Дүйнөлүк Банк менен «Каунтерпарт-Шериктеш» уюму биргелешип уюштурган жакырчылыкты азайтуу боюнча беш күндүк семинар бүгүн өз ишин аяктады. Ага Кыргызстандын жана Тажикстандын коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдарынын бир топ өкүлдөрү катышты. Анда жарандык коомдун ролун жогорулатуу, мамлекеттик маанилүү маселелерди аныктоодо аларга колдоо көрсөтүү, жакырчылыкты азайтуу боюнча улуттук стратегия боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүүгө жардам берүү маселелери талкууланды. Семинарга жарандык коом өкүлдөрүнөн тышкары Эл аралык Валюта Фондунун, Дүйнөлүк Банктын, Вашингтондо жана Бишкекте жайгашкан эл аралык уюмдардын жоон топ өкүлдөрү катышты.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Кубат Оторбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG