Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:17

Ички мигранттардын социалдык шарты оор экендиги ырасталууда


БИШКЕК. Бишкек шаарын тегерете жайгашкан жаңы конуштардагы социалдык жагдай оор жана бул ар кандай чыр-чатактарга алып келиши ыктымал. Бул туурасында «Социалдык демилгелердин Бишкек борбору» аттуу коомдук бирикменин башчысы Халида Ракишева «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын пикиринде, эгемендүүлүк мезгилинен бери күч алган ички миграция Бишкек шаарында калктын жыш жайгашуусун шарттап келет. Мындай жагдай мигранттардын социалдык абалын начарлатып, иш жана билим берүү проблемаларын татаалдаштырууда. Ракишеванын айтымында, азыр Бишкек шаарында өңчөй мигранттар жайгашкан 23 жаңы конуш бар. Аларда расмий маалыматтар боюнча 100 миң, расмий эмес маалыматтарга ылайык 300 миңге чейин калк отурукташкан. Бул аймактарда жашоо үчүн ыңгайлуу шарттын жоктугу калкты деградацияга кирептер кылып, кылмыштуулук өсүүдө. Азыр Бишкектин аймагына Ысыккөл, Нарын, Жалалабад, Баткен облустарынын калкы айрыкча жыш көчүп келип жатат.

XS
SM
MD
LG