Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:27

Премьер-министр Н. Танаев Санкт-Петербургдан келди, 23-июнда ал Иранга барат


БИШКЕК. 17-19-июнь күндөрү Санкт-Петербург шаарында өткөн VII эл аралык форум учурунда кыргыз өкмөтүнүн башчысы Николай Танаев Орусия Федерациясынын премьер-министри Михаил Касьянов жана Орусиянын Федералдык жыйынынын төрагасы Сергей Миронов менен жолугушту. Жолугушуулар маалында эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты арттыруу, орусиялык ишканалардын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн кеңейтүү жана аймактык интеграцияны бекемдөө боюнча маселелер талкууга алынды. Н. Танаев Орусиянын өкмөт башчысын июль айынын этегинде Ысыккөлдө өтө турган «Кыргызстан-Орусия» инвестициялык форумунун ишине катышууга чакырды. Өкмөттүн маалымат кызматынан алынган экинчи кабарга караганда, Н. Танаев баштаган делегация 23-июнда Иранга жөнөп кетет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG