Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:36

Өкмөт башчы менен укук коргоочунун ортосундагы сот жараяны улантылды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкек шаардык сотунда Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акундун премьер-министр Николай Танаевге каршы берген доо арызын кароо улантылды. Буга чейин эки ирет өткөн сот жараяндарында укук коргоочу судьялардан өкмөт башчынын өзүн сотко катыштырууну талап кылган. Бирок бүгүнкү сот жараянына да Николай Танаев келбегенинен улам, Турсунбек Акун судья Орозбүбү Эсенгуловага ишеним көрсөтпөгөнүн айтып, сот залынан чыгып кетти. Сот жараяны белгисиз мөөнөткө жылдырылды.
Укук коргоочу премьер-министрдин «Турсунбек Акун кайда болсо, ал жерде кан төгүү жана башаламандык болот» деген сөзү үчүн сотко кайрылып, Н. Танаевден 1 млн. сом айыппул талап кылган. Биринчи Май райондук соту 24-апрелдеги чечиминде Турсунбек Акундун арызын канааттандырган эмес.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG