Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:50

«Агым» гезитинин башкы редактору «Аалам» гезити менен Турсунбек Акунду сотко берди


БИШКЕК. «Агым» гезитинин башкы редактору, «Эл» партиясынын жетекчиси Мелис Эшимканов бүгүн «Аалам» гезитин жана укук коргоочу Турсунбек Акунду сотко берди. Мелис Эшимкановдун бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, ал Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна берген доо арызында тараптардын кечирим сурашын талап кылып, гезиттен 2 млн. сом, укук коргоочудан 1 млн. сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү суранды. Мелис Эшимкановдун сотко кайрылышына Турсунбек Акундун 13- жана 17-июнда «Аалам» гезитинде жарыяланган «Эшимкановдун адамдык жана саясий жүзү» аттуу макаласы негиз болгон. Турсунбек Акун бул макалада Мелис Эшимкановдун журналист жана саясатчы катары жалпы ишмердүүлүгүнө өз баасын берген. М. Эшимканов макалада жазылган билдирүүлөрдү жокко чыгарып, «суу жүрөк», «ишенимсиз», «чайкоочу» деген сыңары бааларды чектен чыккан жарлык жана асылуу катары баалайт.

XS
SM
MD
LG