Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:31

Бийлик менен жарандык коомдун өкүлдөрү «тегерек үстөл» жыйынын өткөрмөк болушту


БИШКЕК. Президенттик администрациянын демилгеси менен 12-июлда бийлик менен саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн «Өнөктөштүк форуму» аттуу «тегерек үстөл» жыйыны өтөөрү белгиленүүдө. Бүгүн Демократияны өнүктүрүү фондуна мейман катары чакырылган «Республика» гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкованын айтымында, форумга катышуудан мурда саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү 3-июлда «Кыргызстан өзгөрүүлөр алдында» аттуу «тегерек үстөл» жыйынын өткөрүшөт. Жыйында бийликке «Моя столица - новости», «Кыргыз ордо», «Фергана» сыяктуу эркин басылмаларды сот аркылуу куугунтуктап, жабууну токтотуу талабы коюлат. Демократияны өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Төлөкан Исмаилованын айтымында, Шайлоо кодексинин жаңы редакциясын бийлик элдин сынына коюп, эркин байкоочулардын сын-пикирлери эске алынмайынча, бийликтин «Өнөктөштүк форумуна» бейөкмөт уюмдар жана саясий партиялар катышуусу мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG