Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:58

Бишкекте биринчи аэроклуб 1934-жылы уюштурулган. Кыргызстанда парашют спорту 1935-жылдан бери өнүгүп-өсүп келатат. Советтер Союзунун эки жолку баатыры, учкуч Талгат Бегелдинов биринчи жолу 1938-жылы парашют менен секирип, кийинки тагдырын авиацияга арнаган. Кыргызстандык спортчулар СССРдин, дүйнөнүн чемпионаттарына катышкан.

Парашют спорту - авиация спортунун бир түрү. Буга учуучу аппараттардан - учактан, тик учмадан жана башкалардан спортчулардын топтолуп же жалгыздап белгиленген жерге таамай секирип түшүүсү кирет. Кээде спортчулар асманда акробатикалык көнүгүүлөрдү жасап секиришет. Айрым учурда парашютту узакка ачпай зымырап, чебердигин көрсөтүп жүрүшөт.


Бишкекте биринчи аэроклуб 1934-жылы уюштурулган. Кыргызстанда парашют спорту 1935-жылдан бери өнүгүп-өсүп келатат. Кыргызстандык спортчулар СССРдин, дүйнөнүн чемпионаттарына катышкан. Жер шарынын Түндүк жана Түштүк уюлдарына кыргызстандык парашютчулар Виктор Тропезников жана кыргыз кызы Калия Токтогулова секирип, өлкөнү эл аралык аренага тааныткан. Кыргызстан эгемендүү болгону Парашют спорт федерациясы 1993-жылы түзүлүп, жетекчилигине спорт чебери Виктор Мухамедияров шайланган.

Мурда өлкөдө 200дөн ашуун спортчулар болсо, азыр мыкты адистер башка жактарга кетип, болгону 30 ышкыбоз спортчу гана калды. Совет доорунда парашютчулар бир күндө 6-7 жолу секирип, чеберчилиги жогору болчу. Азыр күйүүчү май кымбат болгондуктан, каражат маселеси кендирди кесип, бир айда 1-2 жолу гана машыгууга мүмкүндүк болууда. Дагы бир көйгөйлүү маселе - Кыргызстандагы параюшюттардын колдонуу мөөнөтү да бүтүп, иштен чыгып баратат. Жаңысын сатып алууга каражат жок. Орусиялык фирмалардын жаңы парашютунун бирөөнүн эле баасы 2 миңден 3 миң долларга барабар. Ал эми америкалык десанттардын атайын парашютунун бирөөнүн баасы эле 7 миң доллар турат. Кыргызстандын Улуттук Гвардиясына Америка Кошмо Штаттарынын элчилиги 100 парашют белекке берген. Парашют спорту менен 32 жыл машыккан, 4 миң жолу секирген СССР спорт чебери, Улуттук Гвардиянын майору Табылды Окошев Кыргызстандагы бул спорттун азыркы абалы жөнүндө мындай дейт:


- Улуттук Гвардиянын жоокерлерине, офицерлерине парашюттан секирүүнү үйрөтөм. Быйыл америкалык атайын бөлүктөр менен бирге машыгуу өткөрүп, алар биздин даярдыкка өтө жогору баа беришти. Азыр каражат жоктугунан бул спортко кызыккандардын саны азайып калды. Парашют менен секиргендеги таасирди сөз менен айтып жеткирүүгө болбойт. Парашюттардын көбүнүн колдонуу мөөнөттөрү бүттү. Жаңысын алууга мүмкүнчүлүк жок. Мага америкалыктар бир мыкты парашютун атайын белекке беришкен. Негизи парашютизм бизге керек.

Парашютчуларды спорт жетекчилери майрамдарда гана эстешип, стадиондорго, Алатоо аянтына же ат майданындагы салтанаттарда кыргыз туусун көтөртүп секиртип жүрүшөт. Бирок алардын ал-абалын сурап, жардам берүүгө дилгир жетекчилер жокко эсе. Кыргызстандык парашютчулар көп жылдан бери эл аралык мелдештерге катышпай, арманда жүрүшөт. Айла кеткенде Коргоо министрлиги, Улуттук Гвардия менен бирдикте жоокерлерди парашюттан секирүүгө үйрөтүп, тажрыйбасын бөлүшүп жатышат. Кыргызстанда колдонулган парашюттардын 5-6 түрү бар. Алар спорттук, десанттык жана башка деп бөлүнүшөт. Бир парашюттун салмагы 15 килограммдан 25 килограммга чейин болот. Секирген учурда парашютчулар секундасына 60-80 метр ылдамдык менен түшүп, жерге 150-200 метр калганда парашютун ачкан учурлар да кездешет. Шериктеш өлкөлөрдүн баарында парашют менен секирген аскер кызматкерлеринин айлыгына кошумча каражат төлөнөт, ал эми Кыргызстанда миң жолу секирсең да бир тыйын акча кошулуп төлөнбөйт. Кыргызстанда 6-7 миң метр бийиктиктен секирген мыкты, рекордчу парашютчулардын эрдиги, чеберчилиги бааланбай келүүдө. Бишкектеги «Фрунзе-1» авиабазасында кыргызстандык аскер кызматкерлеринин, учкучтардын парашюттан секирүүгө үйрөткөн машыгуусу 20-июнда болуп өттү.

Биринчи жолу парашюттан секирген Кант авиабазасынын учкучу Талант Абдыраманов мындай деди:

- Биринчи ирет секирүү абдан кубаныч тартуулайт экен. Бир аз коркунуч болот, бирок парашют ачылганда укмуштай жагымдуу таасир калтырды. Айрыкча учкучтар сөзсүз парашюттан секирүүнүн ыкмаларын үйрөнүп, ар кандай кырдаалдарга даяр турушу керек. Бүгүн практикалык сабак алып, секирүүнү үйрөндүк. Учкучтар жылына жок дегенде эле 2-3 жолу секирип турушу зарыл.

Ар кандай чукул кырдаалдарда биринчи жардам бериш үчүн жоокерлер жана офицерлер курамы, медицина кызматкерлери парашюттан секирүүнү билиши керек. Коргоо министрлиги жана Улуттук Гвардия 2-3 жылдан бери өздүк курамына парашюттан секирүүнү үйрөтүп жүрүшөт. Мындай иш-чаралардан Спорт, туризм жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитет да четте калбай, спорттун бул түрүнө көнүл бурууга убакыт жетти.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG