Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:44

ОРУСИЯНЫН БАСМА СӨЗҮ БОРБОРДУК АЗИЯДАГЫ АДАМ УКУКТАРЫНЫН АБАЛЫН ТЫНЧСЫЗДАНУУ МЕНЕН ЧАГЫЛДЫРАТ


Төрөкул Дооров, Москва шаары. Орусиялык гезит-журналдар Борбордук Азия чөлкөмүн «адам укугун тааныбаган» аймак катары сындаган арбын макалалар жарыялашты. Түркмөнстан сыяктуу өлкөлөрдөгү кырдаалды талдоо менен катар, соңку учурларда Кыргызстанда эркин басма сөзгө каршы жасалып жаткан кысым аракеттери да көз жумдуда калган жок.

Түркмөнстандын Орусия менен болгон эки тараптуу атуулдук келишиминен бөлүнүп чыкканы жана анын кесепетинен көптөгөн орусиялык атуулдардын укугунун бузулушу расмий Москваны чындап эле ойлонтура баштады. Жума күнү Мамлекеттик думада бул жагдай талкууга алынып, жыйынтыгында Түркмөнстан Орусия үчүн кооптуу деп таанылган өлкөлөрдүн тизмегине кирди:

- Биз учурда Түркмөн жетекчилигине таасир этүүчү санкцияларды иштеп жатабыз. Алар иштелип бүткөндөн кийин Орусиянын саясий жетекчилиги аны Түркмөнстанга карата колдонмокчу. Бирок аларды колдонууда биздин атуулдар да, түркмөн атуулдары да жапа тартпагандай болушу керек, – деди Думанын эл-аралык иштер боюнча Комитетинин төрагасы Дмитрий Рогозин.

Түркмөнстандагы адам укугунун абалы тууралуу буга чейин деле орус гезиттеринде көп эле айтылып келген, бирок үстүбүздөгү аптада жогоруда айтылган эки тараптуу атуулдук келишиминин бир тараптуу токтотулушу менен бул тема болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлге көтөрүлдү. Орусиядагы ири гезиттердин дээрлик ар бир санынан түркмөн темасына арналган макалаларды кезиктирүүгө болот.

Маселени чагылдырууда ар бир гезит өзүнүн алдына койгон саясий багыттарына ылайык, проблеманы ар түрдүү өңүттө карашты. Мисалы, «Время МН» басылмасынын бул маселе боюнча жазганын карап көрөлүк:

«Түркмөнстанга бүгүнкү күнү бир гана Орусия реалдуу таасир эте алат, анткени өлкөнүн көптөгөн ири экономикалык алакалары Орусия менен байланыштуу. Демек, мындай учурда Кремль өзүнүн атуулдарын коргоо үчүн Түркмөн башчылыгына күчтүүрөөк басым жасаса деле болмок. Анткен менен Москва мындай жолго барбайт. Анткени, орус саясатында адам укугун коргоо темасы анча деле приоритеттуу деп таанылган эмес».

Ошол эле учурда, «Российские вести» түркмөн жериндеги кооптуу окуялар бир эле бул өлкөгө эмес, жалпы Борбордук Азия чөлкөмүндөгү жумурияттарга таандык экендигин, аларга карата Москванын мамилеси эми такыр өзгөрүп кетиши мүмкүн экендигин айтат. Мына ушундай эле багытта кебин улаган «Известия» Орто Азияда адам укугунун абалы оор бойдон кала берип жатканын айтып, «өз кезегинде Орусия өзүнүн жеке экономикалык кызыкчылыктарын эске алуу менен аймактагы адам укугунун оор абалына да көзүн жумганга даяр» деп жазды. Бирок, «Коммерсант» басылмасы Кремлдин аракеттерин мынчалык пессимисттик маанайда карабагандыгы байкалат. Гезиттин ишениминде, «Орусия Түркмөнстанга болгон саясатын түп тамырынан бери өзгөртүүнү туура деп тапты».

Жума күнү “EurasiaNet.org” интернет басылмасы Кыргызстандагы сөз эркиндигинин дагы бир кейиштүү окуясына кайрылды. Макала «Моя столица» гезитинин айланасындагы окуяларга арналат. Акыркы мезгилдерде Казакстандагы, Түркмөнстандагы жана Өзбекстандагы эркин журналисттер менен көз карандысыз маалымат каражаттарынын оор абалы туурасында материалдар орусиялык гезиттерде дайыма жазылып келгени маалым. Эми бул тизмекти улантып, Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалын талкууга алган орус гезиттеринин сабыркаган маанайын сезүү кыйын эмес.

«Коммерсант» гезитинин журналисти Дмитрий Глумсков Кыргызстандагы эркин басма сөздүн акыбалына байланыштуу мындай деп жазат:

«Кыргызстан аймактагы калган мамлекеттерге салыштырмалуу басма сөз эркиндигине карата алда канча эркин мамиледе деп эсептелип келген эле. Бирок акыркы мезгилдерде өлкө ээлеген бул статус анча ишенимди жаратпай калды».
XS
SM
MD
LG