Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:38

КЫРГЫЗСТАНДА ИЧКИ МИГРАЦИЯ МАСЕЛЕСИ КУРЧУП КЕЛАТАТ


Ушул жумада Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгүндө Кыргызстандагы ички миграцияга байланыштуу «тегерек стол» жыйыны болду. Анда мигранттардын социалдык абалы, укуктук жактан корголушу жана башка проблемалар козголду.

«Тегерек столду» «Социалдык демилгелердин Бишкек борбору» уюштурду. Ага Бишкектин айланасында жайгашкан 23 жаңы конуштун, милиция кызматынын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. «Социалдык демилгелердин Бишкек борборунун» жетекчиси Халида Ракишеванын айтымында, «тегерек стол» жыйынын уюштуруунун максаты бийлик менен байланышта мигранттардын маселесин талкуулоо, аны чечүүдө кызматташуу болду. Анткени жаңы конуштарда көптөгөн маселелер чечилбестен турат:

- Жаңы конуштун тургундарынын белгилөөсү боюнча, жолдордун начардыгы, телефон байланышынын жетишсиздиги, электр энергиясын берүүнүн тез-тез үзгүлтүккө учурашы, мектептердин өтө аздыгы, бала бакчалардын такыр жоктугу, ичүүчү суу менен камсыздоонун начардыгы мурдагы бойдон калууда.-

Халида Ракишева шаардын жана жаңы конуштардын тургундарынын ортосунда мамиледе дагы эле кандайдыр-бир чыңалуу сакталып турганын, жаңы конуш тургундарынын арасында милициянын ишине нааразылыктар арбын экенин белгиледи.

Андан кийин сөз алган Миграция жана качкындар боюнча регионалдык борбордун башчысы Таалайбек Кадыров былтыр «Миграция жөнүндөгү» мыйзамдын кабыл алынышын оң баалап, бирок анын толук кандуу иштеши үчүн убакыт жана нормативдик актылар, жоболор керектигин айтып, андай жоболорду өзү жетектеген уюм иштеп чыгып жатканын билдирди. Улуттук статистика комитетинин демографиялык статистика боюнча бөлүмүнүн башчысы Людмила Торгашева өлкөдөгү миграция агымы тууралуу маселеге токтолду. Анын айтымында, 1970-жылга чейин Кыргызстанга адамдар көчүп келишкен. Ал эми 1990-жылдардан тартып калк активдүү түрдө көчүп кете баштаган.

Маселен, 1991-92-жылдары Кыргызстандан 600 миң адам көчүп кеткен. Алар негизинен Орусия менен Казакстанга барышкан. Ички мигранттар болсо негизинен Бишкек жана Чүй бооруна, Ош шаарынын айланасына көчүп келишүүдө. 1990-жылдын башынан бери Бишкек шаарынын айланасына көчүп келгендердин расмий саны 134 миң 544 киши болгон. Бирок расмий эмес маалымат боюнча, ички мигранттардын саны 222 миң киши.

Ал эми Тышкы иштер министрлигинин миграция департаментинин адиси Булат Сарыгуловдун маалыматы боюнча, ички мигранттар 300 миңден ашуун. Мигранттардын так санын аныктоо алардын каттоого турбаганына байланыштуу кыйын экендиги айтылды. «Тегерек столдо» белгиленгендей, көчүүнүн негизги - себеби экономикалык абал, жумуш издөө. Торгашеванын айтымында, Чүй бооруна жана борборго Нарын облусунан көчүп келгендер көп болууда. Бирок Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматы чындыктан алыс экендиги жыйында белгиленди. Маселен, «Бакайата» айылдык кеңешинин төрагасы Үсөн Нурмамбетовдун маалыматы башкачараак:

- Нарын, Ысыккөл облустарынан көчүп келгендер былтыртан баштап, мал, айыл чарбасы менен иштейбиз деп кайра көчүп кетип жатышат. Жалалабад, Баткен облустарынан көчүп келгендер болсо көбөйүүдө.

Нурмамбетовдун айтымында, түштүктөн көчүп келгендер андан ары Казакстан менен Орусияга өтүп кетип жатышат, анткени жаңы конуштарда жумушсуздук өтө жогору жана калктын 70% көбү жакыр.

«Тегерек столдо» социалдык маселелер саналып өткөнү болбосо, кеңири талкуу болгон жок. Талкуунун нугу укуктук маселелерге көбүрөөк ооп, жер алуу, үйлөрдү каттоо, паспорт маселелерине бурулду. Ички иштер министрлигинин паспорттук-виза бөлүмүнүн кызматкерлери паспортторду каттоо, берүү тартиби тууралуу кенен маалымат беришти. Алар каттоо тартиби кыйла жеңилдетилгенин билдиришти. ИИМдин кызматкерлери Кыргызстанда паспорт жоготуу, аны сатуу өтө кеңири орун ала баштаганын да айтышты.

Министрликтин виза-паспорт бөлүмүнүн башчысынын орун басары Таирбек Кожоназаровдун маалыматы боюнча, өткөн жылы эле Кыргызстанда 70 миңден ашуун паспорт жоголгон. «Паспортторду кыргыз жарандары көбүнесе 1 миң, 1,5 миң сомго сатышат, аларды террористер, кылмышкерлер, сойкулар пайдаланууда», дейт Кожоназаров. Анын айтымында, кыргыз паспортторун жасаш оңой, анын үстүнө бул паспортторду жасаган америкалык фирма банкротко учурап, жаңы паспорттор калбай баратат. Мына ушуга байланыштуу жана «Миграция жөнүндөгү» мыйзамды аткаруу максатында жарандарга жеке күбөлүк бериле баштайт.

- Ушуга байланыштуу биз жаңы системага өтө баштайбыз. Жарандарга жеке күбөлүк беребиз. Ал эми сыртка чыгууну каалагандарга атайын паспорт беребиз. Күбөлүк күйбөй турган, сууга салса эзилбеген, бырышпаган атайын пластиктен жасалат, - дейт Таирбек Кожоназаров.

«Тегерек столдун» жыйынтыгында жаңы конуштардагы маселелерге көңүл буруу жана аларды чечүү бийлик өкүлдөрүнө сунушталды.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG