Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:21

Абдыганы Эркебаев Казакстанды сындаганын ал башкарган палатанын басма сөз кызматы жокко чыгарды


БИШКЕК. «Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев Канада парламентинен Казакстандын Кыргызстанга тийгизип жаткан терс таасирин азайтууну суранды» деп орусиялык жана казакстандык басылмалар тараткан маалыматтарды Мыйзам чыгаруу жыйынынын басма сөз кызматы бүгүн жокко чыгарды. «Gazetasng» жана «Сentran.ru» агенттиктери кечээ «Абдыганы Эркебаев 11-18-майда Канадага барганга Канада Сенатында: «Казакстандын Кыргызстанга тийгизген таасири өтө күчтүү, андыктан республикада демократиялык коом курууга мүмкүн болбой жатат», - деп сүйлөдү» деп маалымдашкан. Төраганын басма сөз катчысы Эмил Ниязовдун айтымында, Абдыганы Эркебаев андай билдирүү жасаган эмес жана спикер Казакстанды Кыргызстандын жакшы мамиледеги кошунасы, соода-экономикалык өнөктөшү катары дайыма баалап келатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG