Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Кыргызстандын коргоо министри Борбор Азиядагы кырдаалды оор деп баалады


БИШКЕК. Борбор Азиядагы аскердик-саясий кырдаал Ооганстандагы антитеррордук операциялардын аяктабай жатканына, Ирактагы абалга жана Кытайдын Синьцзян-Уйгур автоном районундагы сепаратизмге байланыштуу оор бойдон калууда. Бул туурасында бүгүн коргоо министри Эсен Топоев журналисттерге билдирди. Ушул эле күнү Эсен Топоев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Евгений Шмагин жана Орусиянын Кыргызстандагы аскер атташеси генерал-майор Владимир Варфоломеев менен жолугушту. Жолугушуу В. Варфоломеевдин Кыргызстандагы иш мөөнөтүнүн аяктаганына байланыштуу өткөрүлдү. Министр Эсен Топоев да, элчи Евгений Шмагин да Владимир Варфоломеевдин кыргыз-орус аскер кызматташтыгына кошкон салымын жана орус авиациясын Кант аба майданына жайгаштыруудагы эмгегин белгилеп, ыраазычылык билдиришти.

XS
SM
MD
LG