Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:06

Коллективдүү Коопсуздук Келишим Уюмунун баш катчысы Бишкекке келатат


БИШКЕК. Коллективдүү Коопсуздук Келишим Уюмунун Коллективдүү коопсуздук кеңешинин баш катчысы Николай Бордюжа беш күндүк иш сапары менен бүгүн Бишкекке келет. Иш сапарынын учурунда ал өлкөнүн күч органдарынын жетекчилери менен жолугушуп, Коллективдүү Коопсуздук Кеңешинин Дүйшөмбү жолугушуусунун чечимдерин ишке ашыруу багытында пикир алышат. Мындан тышкары, Николай Бордюжа менен премьер-министр Николай Танаевдин ортосунда «Аскердик-техникалык кызматташтыктын негизги принциптери жөнүндөгү макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» протоколго кол коюлат. Коргоо министрлигинин жетекчилиги менен Николай Бордюжа башка бардык маселелер менен катар Кантта аскердик авиабазаны ачуу маселесин талкуулашат. Ошондой эле Николай Бордюжа Кант авиабазасындагы даярдыктар менен таанышып, «Манас» аба майданында жайгашкан Эл аралык антитеррордук күчтөрдүн Ганси авиабазасына барат. Бул тууралуу бүгүн Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG