Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:13

Кениядагы америкалык элчилик коопсуздук маселелеринен улам жабылды


Африканын Кения мамлекетинин борбору Найроби шаарында Америка Кошмо Штаттарынын элчилиги кечээ күнү жабылды жана кеминде келерки шейшембиге чейин иштебейт. АКШнын чалгындоо кызматтарынын маалыматына караганда, элчиликке каршы террор аракети даярдалган. 1998-жылы Кения жана кошуна Танзаниядагы америкалык элчиликтердин жанында жарылуулар болуп, жүздөгөн адам мерт кеткен. Өткөн ноябрда дагы Кениянын мейманканасын жарылуучу зат жүктөлгөн машине келип сүзүп, онго жакын адам курман болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG