Вена шаарында кечээ күнү - Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму уюштурган антисемитизм боюнча эл аралык жыйын аяктады. Анда - акыркы мезгилде Европа мамлекеттеринде жөөттөргө каршы күчөгөн маанайды жоюу маселелери каралды. АКШда жайгашкан Шимон Визентал Борбору тараткан маалыматка караганда, жөөттөрдү жек көрүүчүлүк азыр - Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинен берки эң жогорку деңгээлге жетти.