Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:58

Эл аралык инспекторлор Ирандын кээ бир ишканаларына киргизилбей жатат


Ирандын Атомдук кубат уюмунун жетекчиси Голамреза Агазаде кечээ күнү сыналгы аркылуу чыгып сүйлөп, өлкөнүн кээ бир ишканаларына Бириккен Улуттардын текшерүүчүлөрү киргизилбейт деп билдирди. Анын айтымында, инспекторлор бир ишканага кирүүгө аракеттенген, бирок ал өзөктүк ишкана болгон эмес. Өткөн аптада текшерүүчүлөр - бир экологиялык уюмга да киргизилбей койгон. АКШ жана Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик Иранга кайрылып, андан - өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча эл аралык келишимдин кошумча протоколуна кол коюуну талап кылууда. Европа Биримдигинин саммити дагы Тегеранды - өзөктүк маселе боюнча эл аралык уюмдар менен толук кызматташууга чакырды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG