Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:26

ИИСУС ХРИСТ ЧИРКӨӨСҮНҮН ДООМАТЫНА ДИН КОМИССИЯСЫ МАКУЛ ЭМЕС


Кыргызстанда эгемендүүлүк менен кошо христиан дининин протестанттык багытта ишин жаңы жүргүзө баштаган уюмдарынын бири – Иисус Христ чиркөөсү. Уюмду жана анын филиалдарын каттоого жана кайра каттоого байланышкан акыркы жагдай учурда эл аралык уюмдардын да көңүлүн бурууда. Талаштын себебин чиркөө башчылары уюмду жабуу максаты менен байланыштырышса, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия чиркөөнүн мыйзамсыз ишмердүүлүгүн далилдөөгө аракеттенип, анын билдирүүлөрүн жагдайды саясатташтыруу катары баалап келет.

Постсоветтик мезгилде Кыргызстанда ислам жана христиан дининин православ багыты гана расмий таанылса, эгемендүүлүк келгени диний багыттардын чөйрөсү кыйла кеңиди. Фундаменталдык исламдын багыттары сыяктуу эле протестанттык көптөгөн агымдар да пайда болуп, жалпысынан каттоодон өткөн диний уюмдардын саны 219га жетти. Болжолдуу маалыматтарга караганда, акыркы 7 жылда 60ка жакын чет өлкөдөн диний иш жүргүзүү максатын көздөгөн 900дөй миссионер келген. Алардын кыйласы дагы эле ишмердүүлүгүн Кыргызстанда улантып жатышат. Бирок протестанттык багыттагы «Пятидесятниктер» агымынын тарапкерлеринен түзүлгөн Иисус Христ чиркөөсүнүн башчысы Василий Кузин өз уюмун чет өлкөлөр колдогон уюм катары эсептебейт.

- Эч кандай Батыштын тиешеси жок, - дейт ал. - 1989-жылы Горбачев «Дин тутуу эркиндиги жөнүндөгү» мыйзамды чыгаргандан кийин сентябрь-октябрларда "Жаңы Осуятты" эркин окууга, эркин сыйынууга уруксат беришкен. Ошондо биз чакан топ болуп чогула баштадык. Ошол топ кийин өстү.

Чиркөө өз алдынча уюм катары ишке киргенине 12 жыл болду. Бирок, Кузиндин айтымында, ага каршы атайын өнөктүк 1996-жылдан башталган. Бул жыл кыргыз улутундагы жарандардын Иисус Христ чиркөөсүнө кире баштаган мезгилине туура келет.

- Жагымсыз жагдай ошондо башталды. Коопсуздук, ички иштер кызматтарына, прокуратурага чакыруулар, гезиттерде биринчи макалалар, телеберүүлөр башталды, - дейт Кузин.

Иисус Христ чиркөөсүнө кыргыздардын тартыла башташын Кузин уюмга кысым көрсөтүүнүн бир себеби катары карайт. Баптизм, харизмат өңдүү протестанттык агымдарга сыйынууну эп көргөн кыргыздардын катары эгемендүүлүк келгени кескин өстү. Башка динге өтүшүн кыргыз-протестанттар өз эрки менен байланыштырышса, мусулман дининин кызматчылары «атам замандан келаткан исламды таштаганы» үчүн аларды айыптап, ислам дини ар кылка миссионерлердин аракеттеринен жабыркап жатканын айтышат. Ал эми дин таануучулар калктын 80% мусулмандар түзгөн Кыргызстанда кыргыздардын чакан бөлүгүнүн башка динге өтүшү анчалык деле кооптуу көрүнүш эмес экенин белгилешет.

Азыр Кыргызстанда ислам дининен башка динге өткөндөрдүн саны боюнча так маалымат жок. Кузиндин айтымында, Иисус Христ чиркөөсүнүн 30 чакты филиалында кыргыздар 9,5 миң пятидесятниктин үчтөн бир бөлүгүн түзөт.

- Көптөрүн жумуштан айдап, көптөрүн ата-энелери, күйөөлөрү урса да, эл баары бир келип атат, - дейт ал.

Иисус Христ чиркөөсүнүн өкүлүнүн оюн өкмөт алдындагы Дин боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси колдобойт.

- Дин маселеси боюнча Кыргызстанда чыр боло элек, - дейт Өмүрзак Мамаюсупов. - Бирок, саясатташтыруу бар. Элдин ичинде айтылган сөздөргө караганда, айрым дин кызматчылары өз иштериндеги кемчиликтерди жашыруу максатында «мамлекет силерге уруксат бербей атат» деп, мамлекетке карама-каршы коюу саясатын жүргүзүп атышат. Бул «Хизбут-Тахрирде» да бар. Биз саясатка эч кандай себеп бербейбиз. Бизде кирген-чыккан документ расмий катталат. Туура эмес документ менен иштесек, сот алдында жооп беребиз.

Дин комиссиясынын төрагасы сөз болуп жаткан чиркөөнү өз филиалдарын каттоодон өткөрбөй, мыйзамсыз иштетип жатканы үчүн айыптаса, Кузин ар кандай шылтоолор менен чиркөөнү жабуу аракети көрүлүп жатканын айтат. Бул аракеттердин далили катары ал уюмду кайра каттоо тууралуу берилген документ беш жылдан бери комиссияда каралбай жатканын, салык кызматы 5 миллион сом салык салганын, расмий бийлик көзөмөлдөгөн «Вечерний Бишкек» гезитинде чиркөөнү каралаган макалалар жарыяланганын белгиледи. Эки уюмдун ортосундагы акыркы пикир келишпестик Караколдо жана Ош шаарында филиалдарды ачууга байланыштуу пайда болуп, чиркөө бул багытта бир катар эл аралык уюмдарга кайрылды. Кузиндин айтымында, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Ошто филиал ачууга тыюу салып, эгер ал жерде сыйынууга жол берилсе, Иисус Христтин башкы чиркөөсүн жабуу маселеси көтөрүлөөрүн белгилеген. Буга карата Мамаюсупов мындай жообун айтты:

- АКШ элчилигине да ушундай маалымат барган экен. Элчиликтин саясий-экономикалык секциянын жетекчиси Женифер Крофт келип кетти. Ага да биз түшүндүрдүк. Санкт-Петербургдагы чиркөөлөрдүн ассоциациясына да арызданышыптыр. Аларга да жооп бердик. Ташкендин Кестон институту да ушундай кабар алыптыр. Кыргызстанда чиркөөлөрдү азайтуу-көбөйтүү боюнча сөз болушу мүмкүн эмес. Себеби, Кыргызстан - эл аралык дин укугун тааныган мамлекет.

Ал эми Иисус Христ чиркөөсүнүн башчысы Василий Кузин жагдайга эл аралык уюмдар таасир көрсөтөөрүнөн үмүтү бар. Анын айтымында, уюмду кайра каттоодон өткөрүү 1998-жылы да ушундай жол менен чечилген.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG