Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:44

«САЙЛЫК» АЙЫЛ ӨКМӨТҮНДӨГҮ 2249 КИШИГЕ ЖЕР ҮЛҮШҮ КАЧАН ТИЕТ?


Чүй районунун «Сайлык» айыл өкмөтүндөгү 2249 кожолук эмдигиче тиешелүү жер үлүшүн толук ала элек. Үч жылга чукулдап бараткан убактан бери айыл өкмөтү, жер үлүшүн толук ала элек дыйкандар соттон-сотко адилеттик издеп, арызданып келишет. 20-июнда Чүй райондук соту дыйкандардын мыйзамдуу талабын канааттандырган чечим чыгарды.

«Сайлык» айыл өкмөтүнө караштуу үч айыл элдин жер үлүшүн толук алуу талабы эки жарым жылдан бери соттон-сотко сүйрөлүп келатат. Айылдыктардын айтымында, буга чейин 18 жолу соттук териштирүү болуп өттү. Дыйкандардын талабы толук мыйзам ченемдүү экени райондук бийлик, айыл өкмөтү, облус, атүгүл республика жетекчилиги тарабынан ырасталат. Чүй райондук соту «Сайлык» айыл өкмөтүнүн мурунку «Виноградарь» акционердик коомуна тиешелүү 644 гектар жүзүмзар, 96 гектар алма бакты айыл тургундарына жер мыйзамына ылайык бөлүнүп берилиши туура экендигин бир эмес, эки ирет ырастаган.

«Сайлык» айылынын имамы Өмүрбек Касымалиев «соттон-сотко сүйрөлгөн иш оңуна чечилсе, үй-бүлөм менен кошо 2 гектардан ашуун жерди энчиме алам» деген ойдо.

- Үй-бүлөмдө сегиз жанбыз, - дейт ал. - Ошону 35 сотуктан эсептеңиз - эки гектарга жакын жер. Азыр өзүңүз билесиз, жумуш жок. Караганыбыз жер. Ошону да убагында бербей, соттон-сотко сүйрөп убара кылып келатышат.

Ушул эле айылдын тургуну Аскар Караев да соттук териштирүү узакка созулуп кеткенине нааразы.

- Же жер бербейт. Жүзүмдөн үмүт кылып келсек, ал да чечилбей келатат. Үч-төрт жылдан бери кырылышып эле келатабыз, - деди Аскар Караев.

Мурдагы жүзүмчүлүк совхозунун, кийинки акционердик коомго тийиштүү мүлккө ээ болуп чыга келген «Бакай» акционердик коомунун соттогу таламын талашкан адвокат Светлана Жданова иштин чоо-жайын мындайча түшүндүрдү:

- Бизге мамлекеттик акт берилгенде эч кандай талаш чыккан эмес. 2001-жылы жүзүм аянтын элге бөлүп берүү боюнча токтом чыкты. Бул токтом - бизге тиешелүү мүлктү тартып алуунун өзү. Менчик укугубузду коргоп берүүнү өтүнүп, сотко кайрылдык. Көп соттоштук. Баарын айтып отурбайын. Чүй облустук соту биздин өтүнүчтү канааттандырып, райондук акимчиликке өз токтомун жокко чыгарууну милдеттендирген. Тилекке каршы, Чүй райакимчилиги сот чечимин ишке ашырбай келатат. Эми болсо айыл өкмөтү райакимчилик менен райондук жерге жайгаштыруу, мамлекеттик каттоого бөлүмүнө мамлекеттик актыны жокко чыгаруу талабын коюп, аларды сотко берди.

Иштин чоо-жайын Чүй райондук жерге жайгаштыруу жана мамлекеттик каттоо бөлүмүнүн башчысы Исмаил Саркулов башкача түшүндүрөт:

- Май айында «дыйкандарга 24 сотуктан жер берилет» деп, 163-номурдагы токтом чыгардым. Бир ай өтпөй, ал кездеги Чүй облусунун прокурору Зоотбек Кудайбергенов мен чыгарткан токтомду жараксызга чыгарып салды. Ал «жүзүм аянты жер эмес, мүлк катары бөлүнүш керек, Саркулов туура эмес токтом чыгарды» деп, протест жазды. Өкмөттүн токтомунда «жер, бак, чөп чабык жерлер жер үлүшү катары бөлүнөт» деп даана жазылып турат. 1997-жылдын күзүндө биз менен талашып-тартышып жүрүп райондук акимчилик 636-токтом чыгарып, айылдагыларга 11 сотуктан гана жер берип, калган 24 сотук жерин бербей койгон.

Чүй райондук соту узакка созулуп бараткан талашка 20-июнда дагы бир чекит койду. Чалкеш маселе муну менен эле чечилип кетиши кыйын. Экинчи тарап апелляциялык арыз менен облустук сотко, Жогорку Сотко кайрылышы ыктымал. Ансыз да «Бакай» акционердик коому мамлекеттик актысын жокко чыгарган Чүй райондук акимчилигинин токтомун мыйзамсыз деп таап, сотко арыз берген.
XS
SM
MD
LG