Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:45

БОРБОР АЗИЯЛЫКТАРДЫН СҮРӨТТӨРҮ ВЕНАДА


Жаңыл Жусубжан, Вена шаары Австриянын байтактысы Венада Борбор Aзия аймагынын көркөм өнөрүнө арналган көргөзмө өткөн дүйшөмбү күнү салтанаттуу ачылды. Австриянын өкмөтү, Венадагы Чыгыш таануу коому, Австриянын тышкы иштер министрлиги жана Австрия-кыргыз достук коому биргелешип уюштурган көргөзмөгө Кыргызстандан Юристанбек Шыгаев, ошондой эле казак, түркмөн, тажик сүрөтчүлөрү өз эмгектерин катыштырууда.

"Борбор Азиянын көркөм өнөрүнөн бир шиңгил" деп аталган көргөзмө Венада Австриянын тышкы иштер министрлигине тийешелүү болгон Порчиа аксарайында ачылды. Төрт сүрөтчүнүн эмгектери бир нече бөлмөгө жайгаштырылды. Жайкы аптаптын деми жаңы кайтып, аксарайдын ортосундагы үстү ачык жайыкта жумшак жел ойноп турду. 16-июнь, кечки саат жетидеги ачылыш аземи өткөн залда Юристанбек Шыгаевдин "Алтын пирамида", "Жибек жол", "Мезгил аркасы", "Жолугушуу", "Эже-сиңди" жана башка сүрөттөрү илинген. Көбү - кендир кездеменин бетине акрил менен тартылган, узуну эки, туурасы бир метр келген чоң-чоң сүрөттөр. Бардыгы кесипкөйлүк менен жарыктандырылып, чекесине баалары жазылып коюлган. Эң арзаны -- 650 евро, капчыгыңыз калың болсо - 1750 евро төлөп, "Алтын пирамиданы" алып баса бересиз.

Ачылыш аземине киши көп келгендиктен, көрөрмандардын жоон тобу залга батпай, сыртта калды. Алып баруучу сүрөтчүлөрдү алдыга чыгарып, алардын дарегине жылуу сөздөрдү жолдоду. Чыгып сүйлөгөндөр Борбор Азиянын саясий–экономикалык жана маданий турмушуна учкай токтолушту. Сөз алгандардын бири - Австриянын Борбор Азия жана Кавказ боюнча элчиси Доктор Хайдемария Гүрер болду. Расмий азем аяктагандан кийин Гүрер айымды сөзгө тарттым. Ыраакы Борбор Азияга Батыш эмне үчүн көңүл бурушу керектигин сурадым. Элчи Ооганстанда согуш бүткөндөн кийин Борбор Азия кайрадан көңүл сыртында калгандыгын белгилеп, буларды кошумчалады:

- Бул өтө өкүнүчтүү, анткени бул аймакта абал өтө опурталдуу. Дүйнө Борбор Азияга көңүл бурбай койсо, Ооганстандагыдай абал кайталанышы мүмкүн. Анткени Жер шарынын бул бөлүгүндө экономикалык, социалдык жана коопсуздук проблемалар өтө курч.

- Дүйнөлүк маданияттын чордону болгон Австрия сыяктуу Батыш өлкөлөрү үчүн Борбор Азиянын маданияты эмнеси менен кызык?

- Биз Батыштын гана маданияты чыныгы маданият десек, бул түркөйлүк жана текебердик болуп калат. Борбор Азияга барсаңар, терең тамыр жайган мистикалык маданиятка күбө болосуң. Дүйнөдөгү эң узун эпос – кыргыздардын "Манас" дастаны экенин мисалга келтирсем болот. Бир сөз менен айтканда, Борбор Азиянын көп кырдуу тарыхый тажрыйбасын Батышта да колдонууга болот деп ишенем.

Сөз учугун Венадагы көргөзмөнүн катышуучусу Юристанбек Шыгаев улады. Ал көргөзмөгө алып келген чыгармаларына токтолду:

- Бул - азыркы жана 2002-жылкы эмгектерим. Булар - Австриядагы көргөзмөгө даярдаган эмгектер. Эң негизгиси – баягы эле кыргыздын жомоктору, уламыштары, азыр ушуну Европанын көрүүчүлөрүнө, ошолордун деңгээлине татыктуу кылып, азыркы философиянын негизинде, белги түрүндө, ата-бабалардан калган элестерди азыркы бүткүл дүйнөлүк көрүүчүлөрдүн аң-сезимине жараша өз эмгектеримде көрсөтүүнү милдет катары койгом. Борбор азиялык көрүүчүлөр биздин эмгектерди тааныйт, эми ушул чет өлкөлүктөр да биздин эмгектерди туура кабыл алсын деп, ошолорду кайсы бир деңгээде көрсөтсөкпү деген ой-тилектер да.

Батышта Чынгыз Айтматовду кыргыз адабиятынын дөө-шаасы деп билишсе, Юристанбек Шыгаев бул жакта пост-советтик кыргыз сүрөт өнөрүнүн устаты катары таанылды. Бүгүн анын чыгармалары дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө улуттук жана жеке менчик коллекцияларда, анын ичинде Маскөөдөгү "Третяков" галереясында, Торонтодогу "Заманбап өнөр" музейинде илинип турат.

Шыгаевдин Венадагы көргөзмөгө келишинин чыгымын «Австрия-Кыргызстан» достук коому көтөрүштү. Жубайлар Тамара Отунбаева жана Мартин Сайдик негиздеген бул коом 2001-жылдан бери иштеп келатат.

Эгерде Шыгаев такшалган сүрөтчү болсо, ал эми Венада билим алган казак кыз Айгерим Бекен, Австриянын Көркөм өнөр академиясына үч айга өнөрүн өркүндөтүүгө келген тажик жигит Иляс Мамажановдор -- жаңы телчигип келаткан таланттардан. Иляс мага чет жакта ышкысы артканын айтып, Венадагы маданий турмуштан катуу таасирленип жаткандыгын мындайча кеп кылды:

- Вена – башка дүйнө, башка маданияттын шаары. Мен ушул маданият чордонунда көргөзмөгө катышып жатканыма бактылуумун. Мына бул жакта жүргөнүмө үч айдай болуп калды, башка өлкөлөрдөн келген досторум менен күн сайын көргөзмөгө, музейлерге барабыз. Эски сүрөтчүлөрдү көрдүк, бүгүнкү сүрөтчүлөр менен тааныштык. Бул мага күч-кубат берет, азыркы көргөзмө да күчкө күч кошот. Азыр алдымда кагаз болсо, дароо сүрөт тартат элем.

Иляс Тажикстандагы согуштун мезгилинде бой жетип, согуштан кийинки бирде ач, бирде ток заманда чыгармачыл кесипке ээ болуп, чоң турмушка кадам таштаган.

Советтик доордо сүрөткерлер коммунисттик идеологияга кызмат өтөгөн, көз карандысыздыктын жылдарында болсо көркөм өнөр улуттук идеологиянын жетегинде калгансыды. Кийинки кезде Батыштын табитин эске алышыбыз керек болуп жатат. Айтор бүгүн көркөм өнөр кимге кызмат кылат? Mен ушул суроо менен кайрадан Юристанбек Шыгаевге кайрылганымда, ал Кыргызстанда көркөм өнөрдү түшүнгөндөр аз экенин айтып капа болду.

- Бул эң жакшы суроо болду. Менин чыгармам аны түшүнгөн адамдарга кызмат кылат десем жаңылбайм, себеби менин көргөзмөмө миң киши келсе, ошол миң кишиден он киши менен көргөзмөмдү түшүнсө, бул сүрөтчү үчүн аябай чоң кубаныч болот. Себеби Кыргызстанда, бүгүнкү кыйынчылыкта, менин оюмча, көп кишилер көркөм өнөрдү көп түшүнө бербейт, түшүнгүсү да келбейт. Кээде "ушул эмгектерди кимге жасап жатабыз" деп ойлоп кетем. Мен сүрөт тартып жатканда "жок дегенде ушул эмгектерим менин балдарым үчүн (болсун)" деп ойлойм. Сатуу жөнүндө ойлобойсуң, ушул балдарыма калса, балдарым "атам сүрөтчү эле" деп, акылы болсо баалап-барктайт. Сүрөтчү эмгек жазып жатканда, сатыш үчүн эмес, кандайдыр ички дүйнөлүк рахат алууну ойлойт, жакшынакай эс алуу менен, ички дүйнөңдү элге арнап, эл түшүнсө деп ойлойсуң. Бирок элдин көркөм өнөргө кызыгуусу дагы эле тийиштүү деңгээлге жете элек деп ойлойм.


Көркөм өнөр кимге кызмат кылат? Мен ушул эле суроо менен түркмөн сүрөтчүсү Моммак Кулиевге кайрылып: мындайча жооп алдым:

- Сүрөткер эркин болушу керек. Көркөм өнөр дайым эркин болушу керек. Албетте көркөм өнөр дайым элге кызмат кылат. Бирок эл да ар кыл. ошондуктан, (Батышта) көркөм өнөр да ар кыл. Көркөм өнөр саясатка эмес, адамга кызмат кылышы керек. Батышта көркөм өнөр эркин, бири абстракция болсо, бири – реализм (дегендей)...

Моммак Кулиев Түркмөнстанда көркөм өнөр мектебин бүтүргөн. Алты жылдан бери Германияда саясий бозгунчулукта жашайт. Жашы 60тарга таяп калган аксакал "айлымда кыздарым калды, урук-тууган, жоро-жолдош деген бар, саясат жөнүндө сурабай эле койгула" деп өтүндү.

- Албетте, андай болсо саясатты козгобойлу, Моммак аке, бирок туулган жериңизди сагындыңызбы?

- Албетте сагындым, мекен деген мекен да.

Өзүнө баш баанек берген бавариялыктардын кочкул жашыл түстөгү камзолун кийип, үстүнөн жол-жол шайы чепкенин желбегей жамынып, тармал жүндүү козунун терисинен (каракүлдөн) тигилген силкме телпегин башына баса кийип, муңайым караган сүрөткердин көзүнө жаш кылгыра түшкөнсүдү.

Анын аралыгында, акырындап көз байланып, Венанын тарыхый аксарайларынын бириндеги көргөзмөнүн ачылышына келгендер тарай баштады. Алар көчөгө чыкканда, коңшулаш имаратта Энди Вархолдун, коңшулаш көчөдө Пикассонун жана Ван Гогдун көргөзмөлөрүнө чакырган жарнактар көзгө урунду. Ал эми маңдайдагы зор имаратта "Футуризм – радикал абстракционизм" деген экспозиция өтүп жатыптыр. Биз катышкан көргөзмөнүн катышуучулары көркөм өнөрдүн даңкы таш жарган бул алптары менен тең-тайлаша албастыр, бирок күн аёосуз куйкалаган Каракумдун ысык илеби, Алатоонун жан сергиткен салкын илеби келген бул сүрөткерлердин чыгармаларынын да эл аралык көркөм өнөрдө өз орду бар. Канткен менен өнөр чек араны тааныбайт, талантты бай-кедей деп бөлбөйт, кыл калем ээсин мусулман, каапыр деп жекелебейт эмеспи. Демек, көркөм өнөрдүн кең кучагынан ар бир талантка орун табылат.

(Сүрөттөр автордуку)
XS
SM
MD
LG