Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:25

Төртилик топ Израил менен Палестинаны "Жол картасы" тынчтык планын сактоого чакырды


АКШ, БУУ, Европа Биримдиги жана Орусия өкүлдөрүнүн жолугушуусу Иорданиядагы Дүйнөлүк экономикалык форумдун учурунда болду. Алар Израил менен Палестинаны "Жол картасы" деп аталган тынчтык планын сактап калууга,зордук зомбулуктун тутанышына өбөлгө бере турган аракеттерден баш тартууга чакырды. Июнь айынын башында Иорданияда болгон саммитте Израилдин жана Палестинанын өкмөт башчылары аталган пландын шарттарын аткарууну убада кылган. Бирок жаңы кагылышуулар менен теракттардан улам тынчтык жараянын ишке ашыруу кыйындады. Кечээ Хеврон шаарында палестиндердин "Хамас" уюмунун лидерлеринин бири - Абдулла Кауасме өлтүрүлгөн.БУУнун баш катчысы Кофи Аннандын билдиргенине караганда, Израил тарабынан көрүлүп жаткан жогорудагыдай чаралар коопсуздук жагдайын өзгөртбөйт, кызматташтыкка болгон ишенимге доо кетирет.

XS
SM
MD
LG