Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:18

Иракта америкалык аскерлерге кайрадан кол салынды, өлкөдөгү ири мунай куурларынын бири өрттөнүүдө


Окуя Багдаддын чет жакасында болду. АКШ аскерлеринин кербенине граната ыргытылганда бир жоокер каза таап, экинчиси жаракат алды. Мунун алдында, кечээ Багдаддан 140 чакырым аралыктагы Хит шаарында минага кабылып, америкалык эки жоокер жарадар болгон. Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүндөгү мунай кендерин туташтырган маанилүү куур да аталган шаарга жакын аймакта жарылып ,өрттөнүп кетти жана ал жердеги өрт азыр деле уланууда. АКШнын Ирактагы аскерлеринин билдиргенине караганда, жарылуунун себептери иликтенип жатат. Ирактын мунай министрлигинин өкүлдөрүнүн пикиринде, бул - атайлап жасалган иш. Ирак бүгүн Саддам Хусейндин режими кулатылгандан бери дүйнөлүк базарга алгачкы ирэт мунай чыгарды.

XS
SM
MD
LG