Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:29

Салоники: 29 антиглобалчыга каршы кылмыш ишин козгоду


Грециянын полициясы 29 антиглобалчыны Салоники шаарындагы Евросоюздун саммити учурунда тополоң кылды деп, аларга каршы кылмыш ишин ачты.
Кылмыш иши козголгондордун арасында америкалык, британиялык, кипрдик, сириялык, австралиялык жана испаниялык жарандар бар.
Өздөрүн анархистер деп атаган жүздөгөн антиглобалчылар саммиттин коопсуздугун камсыздаган полицайларды жөөлөп кирип, аларга таш жана күйүүчү май куюлган шишелерди ыргытышкан. Тополоң учурунда 30дай дүкөн талкаланып, төрт дүкөн өрттөлгөн: автобекетке, бир нече банкка, көп сандаган автомобилдерге жана Грециянын Компартиясынын кеңсесине зыян келтирилген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG